Ишкер Мергенбаев дагы камакка алынды
Көчмөндөр оюндарында аты чырга илешкен ишкер Эркин Мергенбаев дагы камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын жубайы Айгүл Мергенбаева билдирди. Анын айтымында, ишкер бул жолу Чолпон-Атадагы ат майданды куруу учурунда курулуш материалдарын кымбат баада алган деп айыпталууда. Айгүл Мергенбаева муну тергөөчүнүн жеке өчү катары баалады. Ал жолдошу түзөтүү абагында жаткан кезде операция болгонун, ден соолугуна байланыштуу жакында эле жатак абакка которулганын кошумчалады. Маалыматка ылайык... Читать дальше...