Тилин сыйлабаган эл жок болот
“Адам деген башка тилдерди башка элдердин кулу болбош үчүн үйрөнсө, өз тилин башка элдерге кулдун тили эмес экендигин көргөзүш үчүн үйрөнөт. Анткени кулда гана тил болбойт” деп айтылат.
“Адам деген башка тилдерди башка элдердин кулу болбош үчүн үйрөнсө, өз тилин башка элдерге кулдун тили эмес экендигин көргөзүш үчүн үйрөнөт. Анткени кулда гана тил болбойт” деп айтылат.
Кыргызстанда акыркы мезгилде тармактык сооданын түрлөрү эсепсиз көбөйүп жатат. Мунун себебин адистер тез баюну көздөгөн психология, ошондой эле жумушсуздук менен түшүндүрүшөт.
Адатта спортчулар күйөрмандарын ийгилиги, жетишкендиги, мүнөзү, анан албетте, келбети менен да арбап алат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аталган талаптарды эске алуу менен кыргыз спортундагы бойдок жигиттерди тизмектеди.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен "ылайыктуу учурда" жолугарын билдирди. Бул тууралуу Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммити маалында "Америка үнү" радиосунун англис кызматынын журналисти суроо бергенде айтты.
21-ноябрда Нарын дарыясынан Азирет Садакбек уулунун сөөгү табылды. Ал Нарын районунун Жылан-Арык айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу болчу. Маркумдун жакындары буга мектептин жетекчилигин күнөөлөп жатат.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен "ылайыктуу учурда" жолугарын билдирди. Бул тууралуу Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммити маалында "Америка үнү" радиосунун англис кызматынын журналисти суроо бергенде айтты: - Азыр Путин менен жолуга турган учур эмес. Мен аны менен жолугам, бирок ыңгайы келгенде гана. Мен биздин алакабыз абдан жакшы жана ал уланат деп ойлойм. Орусия жана Кытай менен жакшы мамиледе болушубуз керек деп эсептейм. Андыктан мен Путинге ыңгайы келген учурда жолугам, - деди Трамп. Читать дальше...
Жаштар олимпиадасында өзгөчөлөнгөн спортчулар 2020-жылы Токио шаарында өтчү жайкы оюндарга даярданат.
Парижде полиция күйүүчү майга салыкты көбөйтүүгө каршы чыккандарга көздөн жаш чыгарган газ колдонду. "Сары кемселчен" аталган демонстранттар менен кагылышуу учурунда 16 адам кармалды. Агенттиктердин 1-декабрдагы маалыматына караганда, полиция чогулгандарды Елисей талаасына көздөй баруусуна жол берген эмес. Ички иштер министри Кристоф Кастанер ишемби күнү Елисей талаасына келип, тартип сакчылары менен сүйлөшкөнү, аларды колдой турганын билдиргени маалымдалууда. Салыктын көтөрүлүшүнө каршы... Читать дальше...
Жакында кол коюлган "Коопсуз шаар" долбооруна байланыштуу кайрадан талаш-тартыш чыкты.
30-ноябрда эртең менен Алясканын түштүк тарабындагы жер силкинүүнүн күчү 7 баллга жетти. Очогу АКШнын бул штатындагы Анкориджа шаарынан 13 чакырым түндүк тарапта катталган. Геология кызматы термелүү күчү 43 км. тереңдикте болгонун маалымдады. Адистер штаттын тургундарына цунами болушу ыктымалдыгын эскертишти. Жер титирөөдөн улам шосседе жарака пайда болуп, тоодон таш кулап, жер кыртышына зыян келген. CNN тараткан кабарга ылайык, бир канча телеканалдар обого чыкпай калды. Биринчи силкинүүдөн кийин бир канча термелүү катталган. Читать дальше...
2016-жылы Бишкекте кургак учук менен ооруган үй-жайсыз адамдар үчүн ачылган социалдык жатакана жабылуу коркунучунда экенин Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Ачылгандан бери бул жайда 78 адам жашаган, азыр анда үй-жайсыз калган 32 киши байырлоодо. Жатаканада ысык тамак берилип, бейтаптарга убагында дарылоо ишке ашып турган. Бул жайды ачкандар Бишкек мэриясына кайрылып, жатакананы сактап калууну суранып жатышат. Азырынча шаар бийлиги буга жооп бере электигин аталган министрликтин өкүлдөрү билдиришти. Читать дальше...
Кыргызстандык Мадина Талипбек Өзбекстандагы PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” наамына татыктуу деп табылды. Бул номинация ыйгарылганын Талипбек өзү жана өзбекстандык кино ишмерлери социалдык тармактарда 30-ноябрда кабарлашты. Интернетке ыйгарылган дипломдордун сүрөттөрү жүктөлгөнү менен фестивалдын расмий сайты азырынча жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүн чыгара элек. Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан "Делбирим" тасмасында Мадина Аселдин ролун жараткан. Фильм Кыргызстанда 6-декабрда чоң экрандарга чыгат. Читать дальше...
“Чоң жыйырманын” Аргентинада өтүп жаткан саммитинин экинчи күнү лидерлердин эки тараптуу жолугушуулары менен коштолот. Байкоочулардын көңүлүн АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытай төрагасы Си Цзинпиндин түшкү тамак маалындагы жолугушуусу буруп турат. Тараптар бири-бирине каршы коюлган соодадагы чектөөлөр маселесинде сүйлөшөт. Мурдараак Трамп Кытай менен "жакшы макулдашууга" үмүт этерин билдирген. 1-декабрда Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукмак. Бирок бир күн мурда... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринен тартылган "Кызга 40 тыюу" аттуу эрежелер тизмеси талкууга түштү.
АКШнын мурдагы президенти, улуу Жорж Буш 94 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматына таянып, ТАСС агенттиги ишембиде кабарлады. Маалыматта ал 30-ноябрда акка моюн сунганы жазылган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү тууралуу азырынча айтыла элек. АКШнын 41-президенти Жорж Буш беш баланы тарбиялаган, 17 небереси, сегиз чөбөрөсү бар. Буштун жубайы Барбара Пирс да быйыл көз жумган. Алардын тун уулу кичи Жорж Буш АКШнын 43-президенти болгон. Дагы бир уулу Жеб Буш Флорида штатынын губернаторунун милдетин аркалаган. Читать дальше...
АКШнын мурдагы президенти, улуу Жорш Буш 94 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматына таянып, ТАСС агенттиги ишембиде кабарлады. Маалыматта ал 30-ноябрда акка моюн сунганы жазылган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү тууралуу азырынча айтыла элек. АКШнын 41-президенти Жорш Буш беш баланы тарбиялаган, 17 небереси, сегиз чөбөрөсү бар. Буштун жубайы Барбара Пирс да быйыл көз жумган. Алардын тун уулу кичи Жорш Буш АКШнын 43-президенти болгон. Дагы бир уулу Жеб Буш Флорида штатынын губернаторунун милдетин аркалаган. Читать дальше...
2-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 3-8, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5, Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7... Читать дальше...
Чүйдүн Беловодски айылындагы №16 түзөтүү колониясында иштеген кызматкер өзүн атып алып каза тапты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, окуя 30-ноябрда болгон. 21 жаштагы прапорщик курал сактоочу кампада өзүнүн табелдик куралы менен жанын кыйганы кабарланууда. Ал өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сураган. Чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. (SE)
«Роза Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук фонду майып акындардын «Тагдыр каармандары» деп аталган поэзия кечесин уюштурду. Ыр кечеге төрт акын катышып, дирилдеген ырларын окуп, ырдап берип угармандарды ыраазы кылды. Майыптар иш-чаранын соңунда алардын чыгармалары элге жетип жатканына кубанып, мындай мүмкүнчүлүк өтө сейрек болорун, өздөрүнүн чыгармачылыгына колдоочу керек экенин айтышты.
Назарбаев атындагы ЖОЖдун басма сөз борбору Астанада алгачкы жолу күнү-түнү иштеген китепкана ачылганын кабарлады.
Жалал-Абад шаарында медреседе окуган кыздардын кол өнөрчүлүгүнө арналган жармаңке жана Көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин Жалал-Абаддагы өкүлү Жанара Рыскулова “Азаттыкка” билдирди. 1-декабрда "Мир" кинотеатрынын алдындагы аянтта уюштурулган иш-чара “Сен, Ты, You” долбоорунун алкагында, жаштар арасындагы радикализм жана экстремизмди алдын алуу, улуулар менен жаштардын ортосундагы тоскоолдукту жоюу максатында өтүүдө. Читать дальше...
Кубанычбек Орозматов Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орунбасары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону 1-декабрда расмий кабарланды. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Нурбек Дүйшөналиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орунбасары кызматынан алынды. Кызматтан бошотуулардын чоо-жайы айтыла элек. Кубанычбек Орозматовдун аты 2014-жылы Бишкектин Жал кичирайонунда аскерлерге мыйзамсыз батир бөлүштүрүү... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунда 1-декабрга караган түнү катуу шамалдан бир катар турак-жайлар жана социалдык объектилер зыян тартты. Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Адис Кыдыкбаев билдиргендей, калаада тактоо иштери жүрүп жатат. Анын айтымында, шамал турак жайлардан тышкары төрөт үйүнүн, айрым мектептердин чатырларын учуруп кеткен. Азырынча канча имарат жабыркаганы жана чыгымдын көлөмү аныктала элек. "Чыгышэлектр" ишканасынын басма сөз катчысы Гүлмира Тониева билдиргендей, Каракол... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарындагы “Startup” борбору ишкердүүлүк мектеби аркылуу бизнеске идеясы бар жаштарды жана мигранттарды ишкердүүлүк багытында окутат. Бул тууралуу борбордун менеджери Разия Ормонова билдирди. - Чет жактарда иштеп, каражат чогултуп, Кыргызстанда аны кантип иштетүүнүн жолун таба албай жаткан мигранттарга кол сунуп жатабыз. Акчасы, идеясы бар мигранттар жана демилгелүү жаштарга кантип бизнес баштоо сырларын үйрөтүп, ишкерлер менен алака түзүүгө шарт түзүп бергибиз келет. Учурда ишкердүүлүк мектебине кабыл алып жатабыз... Читать дальше...
Түркиянын соту саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар деп айыпталган Сауд Аравиянын 18 жаранын камакка алуу боюнча ордер берди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости