Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланат
![Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланат](https://gdb.rferl.org/004639D9-8106-4CE2-BE5F-6B0486340911_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 4-декабрда Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт.
20-ноябрда комитет долбоорду экинчи окууда жактырган. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, документ эми үчүнчү окууда талкууланат.
Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев баштаган топ өкмөт менен чогуу иштеп чыккан. Анда “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу сунушталган.
“Ачык асман” - Кыргызстанда 2003-жылдан бери байма-бай көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келатат. Жергиликтүү авиакомпаниялар аталган долбоор ишке кирсе "банкрот болобуз" деп кооптонуп жатышат.
Кыргызстандык авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде». (NT)