“Манас” аэропортун убактылуу башкаруу Мирлан Бегалиевге жүктөлдү
![“Манас” аэропортун убактылуу башкаруу Мирлан Бегалиевге жүктөлдү](https://gdb.rferl.org/FB7AF963-C50E-4BA2-AFCD-1A76B58586C7_cx0_cy25_cw0_w800_h450.jpg)
Кечээ кызматтан кеткен “Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуевдин ордуна милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды.
Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, аэропорттун директорлор кеңеши 3-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, Эмир Чукуевди өз арызынын негизинде кызматтан бошоткон.
Анын ордуна “Манас” аэропортунун башкармалыгынын мүчөсү Мирлан Бегалиев төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкулов дайындалганы кабарланган. Ал аэропорттун инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын башчысы.
Айрым маалымат агенттиктери Бусурманкулов өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Эмил Бусурманкуловдун бир тууганы экенин, президент Сооронбай Жээнбеков менен жердеш экенин жазып чыгышкан.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду башынан эле аэропортун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалганын билдирип жатат.
Эмир Чукуев “Манас” аэропортун 2015-жылдан бери жетектеп келген.(BkA)