БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын ракета сыноосун талкуулайт
![БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын ракета сыноосун талкуулайт](https://gdb.rferl.org/B69E870E-8125-41BA-AB6D-F035E97BA78F_w800_h450.jpg)
Ирандын соңку ракеталык сыноосун Коопсуздук кеңеши бүгүн жабык эшик артында талкуулаганы жатат.
Батыш өлкөлөрү ушул дем алыш күндөрдөгү ракеталык сыноону Коопсуздук кеңешинин үч жыл мурдагы резолюциясын бузгандык катары баалады.
Маселен, Франция менен Британия Ирандын кадамын “чагымчыл, дестабилдештирүүчү жана кооптуу” деп аташты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран сынаган баллистикалык ракета бир нече дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин, Жакынкы Чыгыштын бүткүл аймагы менен Европанын бөлүктөрүнө жете аларын билдирген.
АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук Тегерандын ракеталык программасынын “коркунучу күчөгөнүн” эске салып, Евробиримдик өлкөлөрүн ага каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырган.
Иран болсо ракеталык программасы “коргонуу гана максатын” көздөйт жана өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү ракеталардын корун түзүүгө багытталган эмес деп ырастады.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Батыш өлкөлөрү Иран бузду деген 2231-резолюциясы 2015-жылы көп тараптуу өзөктүк келишимдин алкагында кабыл алынган.
АКШ президенти Дональд Трамп быйыл майда өлкөсү бул келишимден чыккан жарыялаганда Иран баллистикалык ракеталарды утур-утур сыноо жана Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү террордук топторду колдоо менен бул келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)