Ооруканадагы узун кезек балдарды кыйнады
![Ооруканадагы узун кезек балдарды кыйнады](https://gdb.rferl.org/041A2487-FF57-4354-94CC-CF3333A01464_cx0_cy18_cw0_w800_h450.jpg)
Бишкекте акыркы күндөрү балдар ооруканасына жана клиникалык жугуштуу оорулардын бейтапканасына сасык тумоо менен кайрылгандар эки эсе көбөйдү. Балдарын көрсөткөнү келген ата-энелер дарыгерлердин жетишсиздигинен кезек күтүп жатышканын айтып, нааразы болууда.