АКШ Жорж Буш менен коштошууда
Вашингтондогу АКШ Конгрессинин имаратында, маркум Жорж Буштун табыты койулган жайга 3-декабрда президент Дональд Трамп жубайы Меланиа менен барып кетти.
Жорж Буш менен учурда Вашингтондо коомчулуктун өкүлдөрү да коштошуп жатат.
5-декабрда мурдагы президентти акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик жөрөлгө Вашингтондогу Улуттук кафедралда өтүп, ага мурдагы президенттер, чет өлкөлүк коноктор катышат.
Ал жерде Жорж Буштун уулу, мурдагы президент Жорж Буш кичүүсү сөз сүйлөйт. Улуттук кафедралдагы коштошуу зыйнатына азыркы президент Дональд Трамп да барат. Бирок буга чейин Буштардын үй-бүлөсүн ачык сындап келген Трамп коштошуу зыйнатында сөз албайт.
Буштун сөөгү 6-декабрда Хьюстондо, анын президенттик китепканасынын аймагында, жубайы Барбаранын жанында жерге берилет.
Жорж Буш АКШ президентинин кызматын 1989-1993-жылдары бир мөөнөт аркалаган. Ага чейин эки мөөнөт вице-президент, Борбордук чалгын кызматтын башчысы, АКШнын Улуттар уюму менен Кытайдагы элчиси кызматтарын аркалаган, Конгресс мүчөсү болгон. Анын президенттиги Берлин дубалы кулап, СССР чачырап, кансыз согуш доору аяктаган учурга туш келди.
Кыргызстандын көз карандысыздыгын да АКШ Жорж Буш президент кезинде тааныган. Ал 30-ноябрда 94 жаш курагында дүйнө салды. (UE)