Бишкекте Адам укуктарына арналган жөө жүрүш өттү
Бишкекте Адам укугунун Бүткүл дүйнөлүк декларациясынын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата жаштардын жүрүшү өттү. Элүүгө жакын адам Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин жөө басып өтүштү. Алар колдоруна адам укугун сактоого чакырган плакаттарды көтөрүп, “Адам укуктарынын сакталышы үчүн” деген ураандарды чакырышты. Жүрүш Курманжан Датканын эстелигинин жанында аяктады.
Бул жүрүштү Кыйноонун алдын алуу улуттук борбору уюштарган. Борбордун өкүлдөрү өлкөдөгү зордук-зомбулук жана адамгерчиликсиз мамилеге туш болгондордун саны дагы деле көп экенин белгилешет. Быйыл аларга 217 арыз келип түшкөн.(BkA)