А. Матисаков: «Балташ Каипов мага Айтматовдун Дүйшөнүндөй сезилчү…»
Абдиламит Мурзаевич МАТИСАКОВ телерадиого президент болуп келгенде «Тандыр», «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй», «Атамды көргөн өлбөсүн...», «Ак коргон» аттуу прозалык төрт китептин автору, СССР журналисттер Союзунун лауреаты, Кыргызстан жаштар Союзунун лауреаты болуп, кыргыздын төл газетасы «Кыргыз Туусу» газетасынын башкы редактору болуп иштегенге үлгүргөн.