ЕККУнун байкоочулары Армениядагы шайлоону кубатташты
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясы Армениядагы кезексиз парламенттик шайлоо "чыныгы атаандаштык" менен өткөнүн билдирди. Байкоочулардын 10-декабрда жарыяланган баштапкы корутундусунда айтылгандай, жекшембидеги шайлоо учурунда добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары жалпысынан катталган жок.
"Ачык саясий дебат, анын ичинде маалымат каражаттарындагы талкуу жандуу өнөктүккө салым кошту. Бирок Интернеттеги кастыкты козутуучу билдирүүлөр тынчсыздануу жаратты", - деп айтылат ЕККУнун байкоочуларынын тыянагында.
9-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгына ылайык, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Менин кадамым” альянсы добуштардын 70,4 пайызын алды. Буга чейин парламентте көпчүлүктү түзүп келген мурдагы премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы 4,7% гана добуш топтоп, 5 пайыздык босогодон өтө албай калды.
Пашиняндын негизги атаандашы катары мүнөздөлгөн Гагик Царукяндын “Гүлдөгөн Армения” партиясы 8,3% ээ болду. Үчүнчү орунга 6,4% добуш менен “Жаркын Армения” партиясы чыкты.