Украин президенти Орусия менен достук келишимин токтотту
Украинанын президенти Петро Порошенко Орусия менен достук келишимин жокко чыгарган мыйзам долбооруна кол койду. Ал 10-декабрдагы видео кайрылуусунда бул мыйзамды "колониалдык тарыхтан толугу менен баш тартуу жана Европага кайра багыт алуу" аракети деп мүнөздөдү.
Украина менен Орусиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өнөктөштүк келишими 31-мартта аягына чыгат. Украин депутаттары бул келишимди жокко чыгарган мыйзам долбоорун 6-декабрда жактырган.
Достук келишими 1997-жылы 31-майда он жылдык мөөнөткө кабыл алынып, эки жылдан кийин күчүнө кирген. Документте стратегиялык өнөктөштүк, чек аралардын бекемдиги жана эки тараптын аймактык бүтүндүгүн сыйлоо шарттары каралган. Келишимдин мөөнөтү он жыл сайын үзгүлтүксүз узартылып турчу.
Орусия Евромайдан окуяларынан көп өтпөй, 2014-жылдын апрель айында Крым жарым аралын аннексиялаган. Аны улай Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилдердин ортосунда кармаш башталган. Москва бул жаңжалга тиешеси жок экенин билдирип келет.