Айтматовдун Түркиядагы орду
Түркиянын билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген "100 классикалык чыгарма" тизмесине кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун да чыгармалары кирген. Орто мектеп жана университеттердин окуу программасына Айтматовдун "Ак кеме" повести дагы бекитилген.