Бишкек шаардык кеңешинде орус жарандыгы бар депутаттын мандаты алынды
Бишкек шаардык кеңешине "Республика- Ата журт" партиясынан депутат болуп шайланган Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын да алганы аныкталып, мандаттан ажыратылды. Мындай чечимди Аймактык шайлоо комиссиясы 19-декабрда кабыл алды.
Комиссия төрагасы Кайрат Маматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, анын жарандыгын тактоо тууралуу быйыл жайында Орусиянын Юстиция министрлигине кат жөнөтүлгөн. Ал жактан келген жоопто Коргонбай уулу 2007-жылы орус жарандыгын алганы, ал азыркы күнгө чейин күчүндө экени белгиленген.
-Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 52-беренесинде так жазылган. Башка өлкөнүн жараны депутат болууга укугу жок.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2016-жылы 11-декабрда өтүп, беш партиядан 45 депутат шайланган.
Кыргызстанда чет мамлекеттин жарандыгын алган аткаминерлер маселеси буга чейин Жогорку Кеңештин депуттарына жана башка чиновниктерге байланыштуу да көтөрүлгөн.