Кышкы туристтик сезон расмий ачылды
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. 22-декабрда Аламүдүн районундагы ЗИЛ тоо лыжа базасында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын катышуусу менен сезондун ачылыш аземи өттү.
Анын айтымында, учурда өлкөдөгү 25 тоо лыжа базасынын 17и иштейт. Лыжа базанын 13ү Чүй облусунда жайгашкан.
Кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири. Бирок бул багытта аткарыла турган көптөгөн иштер бар экени белгиленип келет. Эксперттердин айтымында, жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк туристтердин саны көбөйүүдө.
Буга чейин өкмөт тоо лыжа кластерин түзүү боюнча долбоорду сунуш кылган, бирок ал ишке аша элек.(КЕ)