АКШда коргоо министринин милдетин аткаруучу дайындалды
Президент Дональд Трамп коргоо министринин милдетин аткаруучу катары буга чейин министрдин биринчи орун басары болуп келген Патрик Шанаханды дайындады. Ал жаңы кызматына 1-январдан тарта киришет.
Трамп “Твиттердеги” баракчасында Шанаханды “абдан таланттуу” деп мүнөздөдү.
АКШ президентинин Сириядан америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча чечими жарыялангандан кийин Трамп менен “көз караштары шайкеш келбей калганын” жүйө келтирип, 20-декабрда коргоо министри Жим Мэттис кызматтан кете турганын билдирген. Бирок ал кызматын февраль айынын соңуна чейин аркалай берери да айтылган.
Кесиби боюнча инженер-механик Патрих Шанахан мурда АКШнын учак жасоочу “Боинг” (Boeing) компаниясында вице-президент кызматын аркалаган. (UE)