Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды
Журналисттик иликтөөлөр фонду мыкты иликтөөлөргө сынак жарыялады. Фонддун маалыматына караганда, сынактын максаты - Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүүгө багытталган.
Сынакка журналисттер, фрилансер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана журналисттик иликтөө менен алектенгендер катыша алышат.
Арыздар кыргыз жана орус тилдеринде 31-январга чейин кабыл алынат. Сынакка 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан материалдар катышат. Сыйлыктын фонду 100 миң сом. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом менен сыйланат.
Сынакка катышууну каалагандар Журналисттик иликтөөлөр фондунун сайтындагы арыз тиркемесин толтуруп, "Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка" деген аталыш менен jif@jif.kg электрондук дарегине жиберсе болот.
"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду быйыл 14-сентябрда ишке киришкен.
Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.
Ошондой эле иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын" негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылып турмай болгон.
Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезинде мезгилсиз кайтыш болду. Ички иштер министрлиги Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Уланбек Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.