Кыргыз-тажик чек арасында быйыл жети жаңжал катталды
Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу чек ара жаңжалдары азайганы Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн Баткендеги жолугушуусунда айтылды.
Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, тараптар узап бара жаткан жылдагы иштерди жана чек араны биргеликте кайтарууда кийинки жылдагы милдеттерди талкууга алышты.
Былтыр Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында он жаңжал катталган. Баары чек ара тилкелери такталбаган жерлерде болгон. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек. (NT)