Кыргызстандагы эң кымбат аргымак көкбөрүдөн кийин өлдү
Кыргызстандагы эң кымбат бааланып жүргөн Барон деген ат көкбөрүдөн кийин өлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы маалымат таратты.
Саяпкер Алмаз Колдошевге таандык болгон Барон аттуу аргымак 29-декабрда Манас айылында уюштурулуп жаткан аламандан кийин басып баратып эле кулап түшүп мүрт кеткен.
Анын ээси аргымактын эмне себептен өлгөнү белгисиз экенин жана ал буга чейин оорубаганын айтат.
Салмагы дээрлик бир тоннага чукул аргымак көкбөрү күйөрмандарынын арасында эң мыкты күлүк катары белгилүү болчу. Аны сатып алууга 500 миң долларга чейин сунуш түшкөнү айтылып жүрөт. (KR)