Аба ырайы: шашылыш билдирүү
2019-жылдын 4-январынан 7-январына чейин жаап өткөн жана мындан ары жааганы жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашууда, Ала-Белде, Чычкан капчыгайында, Чапчыма ашуусунда жана Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында кар көчкү түшүп, күрткү топтолот, жолдор тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр болушу зарыл.
1-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13 градус болот.
1-январда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Мезгил-мезгили менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундада 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болот. (KR)