Орусиянын Магнитогорск шаарына өзгөчө кырдаал киргизилди
Магнитогорсктогу көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан улам Челябинск облусунда аза күтүү да жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу губернатор Борис Дубровский маалымдады. Шаарга Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова келди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйшөмбү күнү эртең менен көп кабаттуу үйдүн батиринде газ жарылып, кеминде төрт киши өлгөнү аныкталды. Эми дагы 70тей кишинин тагдыры белгисиз болуп жатат. Ооруканага жабыркаган үч адам, анын ичинде бир бала жеткирилди.
Куткаруучулар урандылардын арасынан адамдарды алып чыгуу ишин улантууда.
Магнитогорск шаарынын борборунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү кырсык таңкы саат 6:10до болгон. Бул кезде элдин көбү уктап жаткан. Жарылуудан бир подъезд кыйраган. Акыркы маалыматтар боюнча подъезде 120 адам жашап жаткан.
Орусиянын Тергөө комитети “Байкоосуздан адам өлүмүнө себеп болуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Магнитогорск шаары Москвадан 1700 чакырым аралыкта жайгашкан.