Түлеев Кемерово облусунун парламентин жетектейт
Кемерово облусунун мурдагы губернатору Аман Тулеев аймактык парламенттин төрагалыгына шайланды. 10-апрелде өткөн Кузбастын Элдик депутаттар кеңешинин кезексиз жыйынында анын талапкерлигин 39 депутаттын 38и колдоду. Кузбастын аймактык кеңешинин төрагасы Алексей Синицын дүйшөмбүдө мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип, ал орунга Түлеев ылайыктуу экенин айтты. Аман Түлеев марттын соңунда Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан 64 адамдын өмүрүн алган өрттөн кийин кызматынан кеткен. Читать дальше...