АКШ КЭРдин Түштүк-Кытай деңизиндеги аскердик аракетине жооп кайтарат
Кошмо Штаттар Кытайдын Түштүк-Кытай деңизиндеги милитаризация аракеттерине сөзсүз жооп кайтарат. Бейшемби күнү Ак үй Бээжинге ушундай эскертүү жиберди. АКШнын чалгын кызматынын кабарына караганда, Кытай жакында Түштүк-Кытай деңизинин талаштуу аймактарында өткөргөн машыгууларында өзү курган жасалма аралдарга кемелерге каршы зениттик ракеталарды жайгаштырган. Алар аскердик машыгуулардан кийин алынганбы же дагы эле турабы, белгисиз. Билдирүүдө "Спратли аралчасында ракеталык курал техникаларын калтыруу... Читать дальше...