Айсулуу Тыныбекова олимпиадада утулган индиялык балбан кыздан өчүн алды
Айсулуу Тыныбекова индиялык Сакши Малик менен Рио-де Жанейродогу Олимпиада оюндарында 3-орун үчүн кармашып жеңилип калган эле.
Айсулуу Тыныбекова индиялык Сакши Малик менен Рио-де Жанейродогу Олимпиада оюндарында 3-орун үчүн кармашып жеңилип калган эле.
Грецияга берилген макрофинансылык жардамдын үчүнчү программасы ийгиликтүү аягына чыкканы дүйшөмбүдө жарыяланды. «Европанын турукташтыруу механизми» фондунун билдирүүсүндө «абдан ыңгайлуу шартта берилген үстөксүз насыянын аркасы менен өлкө өз экономикасын модернизациялап, инвесторлордун ишенимин калыбына келтире алганы» айтылат. Европалык топтун башчысы Марио Чентеро Грециядагы реформанын алгылыктуу жактарын белгилеп, өлкөнүн экономикасынын мындан аркы туруктуу өнүгүшүнүн пайдубалы түзүлгөнүн, бюджет менен соода өсүп... Читать дальше...
Дүйшөмбүгө караган түнү АКШнын Анкарадагы элчилигине ок атылды. Түрк маалымат каражаттары жазгандай, жакынкы жолдон өтүп бараткан автоунаадагылар элчиликтин имаратын көздөй баш-аягы төрт-беш жолу ок атышкан. Бир нече ок кароолчулар отурган күркөгө тийген. Элчилик бул окуядан эч ким жабыркабаганын, полиция болсо автоунааны издеп жатканын билдирди. Курман айтка байланыштуу Кошмо Штаттардын Анкарадагы элчилиги бул аптада жабык болот. Бул окуя Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю... Читать дальше...
Түштүк кореялык 89 улгайып калган жаранды салган 14 автобустан турган кербен 20-августта эртең менен Түндүк Кореянын чек арасынан өттү. Алар Кумгаң тоосундагы эс алуучу жайда үч күн бою 70 жылдан бери көрүшпөгөн туугандары менен бирге болушат. Бул үй-бүлөлөр 1950-1953-жылдардагы согушта экиге бөлүнүп калган. Согуштук аракеттер токтогону менен эки Кореянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган эмес. Күндүн ысыгына карабай, майрамдагыдай жасанып кийинген түштүк кореялык жарандар полициянын... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы Осмонкул атындагы көчөдө №3 өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгү жайгашкан. Анда алты өрт өчүрүүчү унаа жана 60 кызматкер бар.
Эркектердин дамбал-түрсүгү пайдалуу экени аныкталды. Бир нече кванттык өзгөчөлүгү бар кванттык материал. Өтө муздатылган суу суюк абалында 100 күн сакталды. Капуста жана брокколи ичеги-карынды өсмө (рак) дартынан сактайт.
Ооганстандын Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылы автобуста бараткан 100дөн ашуун кишини, анын ичинде аялдар менен балдарды барымтага алганын ооган бийлигинин өкүлдөрү билдиришти. Жекшембиде ооган президенти Ашраф Гани “Талибан” радикал кыймылын Курман айтта ок атышууну токтотууга чакырган. Кундуз провинциясынын башчысы Мохаммад Юсуф Аюби дүйшөмбүдө талибдер Ханабад шаарына чукул жерде бараткан үч автобусту токтотуп, жүргүнчүлөрдү алып кеткенин билдирди. Аюбинин айтымында, “Талибан” жүргүнчүлөрдүн... Читать дальше...
Тынчтык корпусунун “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасынын алкагында 20-августта АКШдан 50 ыктыярчы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Асылгүл Акимжанова билдирди. Анын айтымында, ыктыярчылар өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелерде мугалимдерди жана балдарды англис тилине үйрөтүшөт. Чет элдиктер негизинен Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу айылдарындагы мектептерде иш алып барышат. Читать дальше...
Пакистанда Имран Хан жетектеген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү дүйшөмбү күнү Исламабадда ант берип, расмий ишке киришти. Жаңы өкмөткө 15 министр, беш кеңешчи кирет. 65 жаштагы крикет оюнчусу Хан 18-августта премьер-министр болуп шайланган. Ал 19-августтагы бир сааттык телекайрылуусунда экономиканы көтөрүүгө басып жасаарын, өкмөттүн ашыкча чыгымдарын азайтарын айтып, коррупцияга каршы күрөшүүгө убада берди. Ошондой эле премьер-министрге бөлүнгөн өкмөттүк автоунаалардын көбүн сатып, кызматчыларды азайтып... Читать дальше...
Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында кулап кеткен имараттын алдында калып каза болгон адам Тажикстандын жараны экени такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшимбет Төлбаев билдирди. Анын айтымында, калдыктардын астында калган жарандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. - Каза болгон адам Тажикстандын жараны экен. Ал эми урандынын астында жаткан эки бала - кыргыз жараны. Алар боюнча куткаруу иштери аяктагандан кийин гана толук маалымат бере алам. Бир... Читать дальше...
Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунуп, оор жаракат алды. Бул тууралуу анын жакын тууганы Гүлмира Кашкараева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя мындан бир нече күн мурда болгон. Жоокер Сапарбаев постто турган кезде электр тактайчасындагы зымдарга тийип алган. Жоокердин денесинин бир топ бөлүгү күйүп кеткен. Жабырлануучу алгач Жалал-Абадга, кийин Оштогу ооруканага жаткырылган. Бишкекке жеткирилгенден кийин №4 оорукананын дарыгерлери... Читать дальше...
Ооганстандын президенти Ашраф Гани Курман айтта “Талибан” кыймылын ок атышпоого чакырды. Ооган лидери мындай режим 20-августта башталып, үч айга созуларын өлкөнүн эгемендик майрамына арналган салтанатта билдирди.
Кыргызстанда акыркы жылдары велосипед же чоң машинелер менен кыдырган арзан саякатты тандаган туристтер арбый баштады. Чет элдик саякатчыларды Кыргызстандын кооз табияты кызыктырат. Өткөн айда коңшу Тажикстанда туристтерге кол салуу болгондон кийин чет элдиктердин коопсуздугу кандай деген суроо жаралды. Кыргызстанды самап келгендердин өмүрү жана ден соолугуна коркунуч жокпу? Бизде алардын көңүлүн калтырбагандай шарт барбы?
21-августта СССР баштаган “Варшава келишимине” мүчө мамлекеттер Чехословакияга капыстан аскер киргизип, “Прага жазы” деп аталган реформачыл кыймылды басканына 50 жыл толот. 1968-жылдагы кагылышууларда чет элдик баскынчы аскерлерге каршылык көрсөтүп, ондогон тургун курман болгон.
Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Кыргызстандагы казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы жетекчисин 19-август күнкү кезексиз съездде шайлашкан. Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алдында иштейт. Ага буга чейин саясатчы Эркин Булекбаев төрагалык кылчу. Диаспорада жетекчилик эмне себептен алмашканы айтылган жок. Читать дальше...
Самбо боюнча мелдештер 31-августтан 1-сентябрга чейин өтмөкчү.
Балбан Магомед Мусаев Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, 19-августта эркин күрөш боюнча 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мусаев финалда ирандык Алиреза Каримимачиани менен таймашып, 6:0 эсебинде жеңилип 2-орунду алды. Финалдык таймашка чейин Магомед Мусаев үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын уткан. Алгач түркмөнстандын балбаны Зиямухаммет Сапаровду 8:2... Читать дальше...
Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу алардын адвокаты Данияр Маманов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, саясатчылар Жогорку соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, ушундай кадамга барган. Учурда саясатчылар суу гана ичип, тамактардан баш тарткан. Абактагылар ачкачылыкты токтотуу боюнча адвокаттын кайрылуусуна макул болушкан эмес. Абактагы саясатчылар аларга өкүм чыгарган Жогорку соттун... Читать дальше...
Орусиянын ракета-космос жаатында иш алпарган “Энергия” ишканасынын башкы директорунун орун басары Алексей Белобородов жана эки кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бул өлкөнүн тергөө комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалгандар күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөрдү беришкен. ТАСС агенттигинин жазышынча, Белобородов “Энергия” ишканасында 2016-жылдан бери иштейт. Бул ишкана Орусиянын космос чөйрөсүндөгү ири оюнчулардын бири катары саналат. Ишкана “Союз”, “Прогресс” сыяктуу... Читать дальше...
АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы директору Жон Бреннан президент Дональд Трампка каршы сотко кайрылууга даяр экенин билдирди. Бреннан мындай кадамга Трамптын мурдагы жана азыркы жетекчилерди купуя документтер менен таанышуу укугунан ажыратышына каршылык иретинде барышы мүмкүн. Жекшембиде NBC каналынын эфиринде Жон Бреннан бул маселе боюнча бир нече адвокат менен сүйлөшкөнүн билдирди. "Мен минтип кызматтан ашыкча пайдаланууну токтотууга колдон келишинче аракет кылам көрөм. Читать дальше...
АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы директору Жон Бреннан президент Дональд Трампка каршы сотко кайрылууга даяр экенин билдирди. Бреннан мындай кадамга Трамптын мурдагы жана учурдагы жетекчилерди купуя документтер менен таанышуу укугунан ажыратышына каршылык иретинде барышы мүмкүн. Жекшембиде NBC каналынын эфиринде Жон Бреннан бул маселе боюнча бир нече адвокат менен сүйлөшкөнүн билдирди. "Мен мындай кызматтан ашыкча пайдаланууга токтотууга бардык аракетти көрөм. Эгер бул... Читать дальше...
Пакистандын премьер-министри кызматына киришкен Имран Хан мамлекеттик чыгымдарды азайтып, коррупцияны жеңүүгө убада берди. Бул тууралуу жаңы премьер-министр элге алгачкы кайрылуусунда билдирди. Өкмөт башчылыгына келген мурдагы крикет жылдызы Хан "Пакистанды жакырларды колдоого алган мыкты өлкө катары көргүм келет” деп айтты. Ал 192 миллион адам жашаган өлкөдө байлар менен жакырлар ортосунда ажырым жылдан-жылга чоңоюп баратканына өкүнүчүн жашырган жок. Хан үнөмдөө саясатын жүргүзүп, учурда Пакистандын... Читать дальше...
Түндүк Корея Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эксперттерин өлкөгө киргизүүгө макул болду. ИКАОнун Монреалдагы кеңсеси кабарлагандай, эксперттер эл аралык авиакаттамдар Түндүк Кореянын ракеталык полигондору аркылуу өтпөгөнүнө көз салышы керек. Буга чейин Пхеньяндын өкүлү инспекторлор барган учурда мындай кепилдик берилерин убада кылган. Дүйнөнүн 192 өлкөсү мүчө болгон ИКАО 2019-жылы Түндүк Корея ракеталык сыноолору тууралуу эл аралык жарандык авиация тармагына маалымдоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын да текшериш керек. Читать дальше...
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" ("Жомоктон кийин") повестинин негизинде “Шамбала” аттуу тасманы тартуу иштери башталды. Тасманын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков, ал эми оператору Мурат Алиев болот. Сүйүндүков бул тасманын сценарийин узак убакыттан бери даярдап, фильмди тартуу үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. “Шамбала” тасмасы Кемин, Балыкчы шаарларында жана Нарын облусунун аймагында тартылат. Тасманын бет ачары кийинки жылы өтөт. Читать дальше...
Улуттук банк Ысык-Көлдөгү “Ишкер” микрокредиттик агенттигине берилген күбөлүктү 23-августтан тарта токтотот. Бул тууралуу банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган ишкана Улуттук банк берген буйруктарды аткарбай, текшерүү иштерине каршылык көрсөткөн. Буга байланыштуу банк 2003-жылы берилген күбөлүктү жараксыз деп табуу тууралуу чечим кабыл алган. Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана Улуттук банктан каттоодон өткөн. Алар жарандарга насыя берүү жаатында иш алпарат. (BkA)
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости