Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 29.11.2018

Маркум прокурор менен шектүү бир күн мурун тойдо чогуу болушкан (видео)

Azattyk.org 

Баткен облусунун киши колдуу болгон прокурору Анарбай Мамажакыпов менен аны өлтүрдү деп шек саналып жаткан Мелис Калыков окуядан бир күн мурун тойдо бирге болушкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев басма сөз жыйынында билдирди:  - Бир күн мурда чындыгында эле тойдо чогуу болушкан. Айыпкер Калыковдун тууганы той берип, облустук прокуратуранын жетекчилиги тойдо чогуу болушкан. "Эртең аңчылыкка чыгып эс алабыз" деп ошол тойдо эле чечилген экен. Читать дальше...

Депутат Финполициянын башчысы сот чечимине карабай чет өлкөгө кеткенин айтты

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакир Таиров Кыргызстандын аймагынан чыкпоо тууралуу соттун чечимине карабай чет өлкөгө чыгып кеткен. Бул тууралуу парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев айтып чыкты. Эл өкүлү Финансы полициясынын башчысы учурда кайда экенине кызыкты. Ага мекеменин жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев жооп берип, жетекчиси азыр Эстонияда иш сапарында жүргөнүн айтты.  - Соттун чечими чор тамандарга иштеп, чоңдорго иштебейби? Читать дальше...



Акыйкатчы Кытайдагы кыргыздардан кабар алууга аракет кылат

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Кытайдагы кыргыздардын абалын талкуулаган жыйынга катышып, маселени жеринен иликтеп келиш үчүн Кытайга барып келүүга аракет кылууга убада берди.  Мамытов бүгүнкү айтылган маалыматтарды кагаз түрүндө жазып келип кайрылууга чакырып, ошого карата алар жөнүндө кабар алууга жардам берерин билдирди. - Эртеңден баштап Кытайда дайыны чыкпай жаткандардын жакындарын кабыл алам. Кытайга барып келүүгө аракет кылам, - деди Мамытов. Акыйкатчы ошондой эле фактыларды абайлап сүйлөөгө чакырды. Читать дальше...

Украина Босфордон орус кемелерин өткөрбөөнү өтүнөт

Azattyk.org 

Украина Түркиянын жетекчилигине кайрылып, Босфор кысыгынан Орусиянын кемелерин өткөрбөөнү өтүнөт. Бул тууралуу Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башчысы Игорь Воронченко бейшембиде билдирди. Киевдин мындай өтүнүчүнө Керч кысыгында Орусия украин кемелерин кармап кеткени себеп болду. Бул окуяны Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады. Украин президенти Петр Порошенко немисттердин "Bild" гезити менен болгон маегинде Киев НАТО өлкөлөрүнөн Азов деңизине аскердик кемелерди жиберүүнү суранарын айтты. Читать дальше...

Өкмөт Кыргызстандын “Центеррага” койгон талабын атады

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев стратегиялык келишим боюнча "Centerra Gold Inc." компаниясы менен болгон сүйлөшүү тууралуу депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берди. Өкмөт башчынын айтымында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон келишим “Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргобойт”.  - Келишим күчүнө кириши үчүн биздин да бир канча шарттар бар, - деди премьер-министр. - Ал келишимде биздин кызыкчылыгыбыз жакшы корголгон эмес. Күчөтүшүбүз керек, ачыгын айтканда экологиялык, социалдык өнөктөштүк маселеси бар. Читать дальше...

Кытайлык кыргыздардын абалына арналган жыйын өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте Кытайда камакка алынып жаткан кытайлык кыргыздардын жагдайына арналган жыйын өтүүдө. Ага коомдук ишмерлер, активисттер, кытайлык кыргыздар катышууда.  Уюштуруучулардын айтымында, Кытайда камакка алуу 2016-2017-жылдары башталган. ​"Мурда белгилүү адамдарды, окумуштууларды кармаса, азыр жапырт камалууда. Учурда камакка алынган кыргыздардын саны 50 миңге жетти", - деген уюштуруучулар бул маалыматтарды ар кайсы булактардан тактаганын айтышты. Кытайдан келип, кыргыз жарандыгын алган Алмамбет... Читать дальше...



Бурулайдын иши: экспертиза "Бөдөшевдин акыл-эси ордунда" деп аныктаган

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда.  Сот учурунда психотерапиялык экспертизада "шектүү Бөдөшевдин акыл-эси ордунда" деп табылганы айтылды. Судья Санжар Чотонов биринчи жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын окуп чыкты. Анда кыздын “төшүндө жана ичинде көптөгөн жарааттар болгону, кабыргалары сынганы, бети жана буттары тытылганы” жазылган. Комиссиялык экспертиза жүргүзгөн жыйынтык биринчиге окшош экени айтылат. Читать дальше...

Абылгазиев: шайлоо алдындагы убадаларды аткара баштадык

Azattyk.org 

Өкмөт президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы убадаларын аткара баштаганын 29-ноябрдагы парламенттин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди: - Ал социалдык тармак, саламаттык сактоо, билим берүү боюнча убадаларды берген. Биз дарыгерлердин айлыгын көтөрө баштадык. 2018-жылы бюджетте 157 млн. сом каралган. Жаңы министр реформаларды баштаганын өзүңөр деле көрүп жатасыңар. Абылгазиевдин айтымында, аймактарды өнүктүрүүгө миллиардаган сом каралган. Мындан сырткары өкмөт... Читать дальше...

Прокурордун өлүмү боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Бишкекте Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү окуянын чоо-жайы, кылмышка шектүү Мелис Калыковдун "кыйноого кабылдым" деген даттануусу тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

"Кытайда казак-кыргыз катаал түрмөдө кармалууда"

Azattyk.org 

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунда Кытайда 50 миңдей кыргыз улутундагы жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар. Аталган уюм бир нече жылдан бери Кытайда камакка алынган казактарды бошотууга аракеттенип келет.

Трамп Манафортко ырайым берүүнү четке какпайт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршембиде билдиргендей, ал шайлоо штабынын мурунку жетекчиси Пол Манафортко ырайым берүү мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Манафортко бир катар кылмыштар, анын ичинде арам акчаны адалдаштыруу жана мыйзамсыз негизде бирөөнүн кызыкчылыгын коргоо боюнча кине коюлган.           Трамп "The New York Post" басылмасы менен болгон маегинде Манафортко ырайым берүү тууралуу маселе талкууланбаганын, бирок андай мүмкүнчүлүк бар экенин жокко чыгарбай тургандыгын айткан. Жакында... Читать дальше...

Кыргызстан бюджетти колдош үчүн 2,6 млрд. доллар алган

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тартып өлкө казынасын колдоого 2,6 млрд. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя жана грант алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, каражаттын басымдуу бөлүгү 90-жылдарга туура келет. Андан кийинки алынган акча ар кандай мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында алынган. Бир катар депутаттар “донорлор ар бир каражат берген учурда белгилүү бир шарттарды коёрун" эске салып, казынаны... Читать дальше...

Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн ичине кирди

Azattyk.org 

Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси методологиясы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки шкала боюнча баа берилген. 100 деген баа алган өлкөлөрдө коррупция жок дегенди билдирет. Кыргызстан 29 балл алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 балл алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас бар. Читать дальше...

Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн катарына кошулду

Azattyk.org 

Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси ыкмасы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки упай менен баа берилген. 100 упай "өлкөдө коррупция жок" дегенди билдирет. Кыргызстан 29 упай алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 упай алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас бар. Читать дальше...

Тумандан улам “Манас” аэропортунда 7 каттам кармалууда

Azattyk.org 

Коюу тумандан улам эл аралык “Манас” аэропортунда жети каттам кармалууда. Алардын алтоо эртең мененки, бирөө 28-ноябрдын кечинде уча турган каттам. Учурда 200 метрден алыс аралык көрүнбөй жатат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 29-ноябда саат 14:30 жана 14:40та Үрүмчүдөн эки каттам келиши керек. Мындан сырткары Стамбулдан үч каттам өз убагынан кечигүүдө.

Кыргызстанга Европа Биримдигинин атайын өкүлү келди

Azattyk.org 

Кыргызстанга Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан расмий сапар менен келди. Бул тууралуу биримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Эки күндүк сапары учурунда Буриан Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугат. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык талкууланат. Мындан сырткары, жарандык коом өкүлдөрү, Кыргызстанда каттоодон... Читать дальше...


Музыкальные новости
Юлия Савичева

«Прыгала, как сумасшедшая»: Юлия Савичева рассказала об исполнении давней мечты в шоу «УТРО. ТНТ»





Rss.plus
Пятёрочка

«Пятёрочка» выяснила, где в России больше всего любят винегрет




Фестиваль красок пройдет в Лобне 1 июня

Генерал армии Виктор Золотов провел оперативное совещание

Собянин поздравил выпускников московских школ с праздником последнего звонка

Подмосковные спортсмены и их семьи примут участие в параде-шествии на ВДНХ




Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып калса, башпаанек болуучу коопсуз өлкөлөрдүн рейтинги

Ca-irnews.com (kg) 

«International SOS» жана «Control Risks» эл аралык компаниясынын эксперттери Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып калса, башпаанек боло турган коопсуз өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады.

Аба ырайы туруксуз болот

Azattyk.org 

30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. 30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак болот. 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Читать дальше...

Бишкекте "Көрүнбөгөн аялдардын кыялы" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаарындагы "Ololo House" борборунда "Көрүнбөгөн аялдардын кыялы" көргөзмөсү ачылды. Анда ВИЧ илдетине чалдыгып, оор тагдырга кабылган 16 аялдын портреттери коюлган. Коюлган сүрөттөрдө ар бир аялдын кыялы чагылдырылган. Оор турмушуна карабастан алар жаштарга үлгү болуп, өз максаттарына жетүүнү көздөшөт.  Бириккен Улуттар Уюму уюштурган фото көргөзмө 1-декабрь - ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө арналган.  Көргөзмөнүн алкагында атайын бөлмөдө каалоочулар шилекейин тапшырып,... Читать дальше...

Жогорку Кеңеште акыркы жылдардын бюджети боюнча маалымат талашка түштү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов "2019-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын өзүнчө караш керек болчу" деген оюн айтып, спикер Дастан Жумабековду сындады: - Эмкиде ар жылдын бюджетин өзүнчө карап жүрүңүз. Сиз "мыйзам жол берет" деп эле күчкө сала бересизби? Жол бердирбесе да болот беле? "Бюджетти өзүнчө карасын" десеңиз, "карабасын" деген да мыйзам бер бекен, айтыңызчы? Же анда өкмөткө адвокат болуп алыңыз. Туура эмес кылдыңыз. Сизден кетти баары. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары... Читать дальше...

Депутат “Кыргыз темир жолунун” жетекчисинин орун басарынын жарандыгына кызыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басары Алымжан Хасанов Казакстандын жараны экенин айтып чыкты:  - Башка өлкөнүн жаранын стратегиялык объектилерге койгондор жооп бериш керек деп ойлом. Аны ким койгон? Транспорт жана жолдор министрлиги сөзсүз түрдө жооп берсин. Бирок “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов “Азаттыкка” Хасанов Кыргызстандын жараны экенин билдирди. Анын айтымында, кызматка дайындаларда анын жарандыгы текшерилген. Читать дальше...

Түзүлө элек “Кыргыз туризмдин” түйшүгү

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туризм жаатында иш алып барган дагы бир “Кыргыз туризм” ишканасын түзүүнү сунуш кылып жатат. Маалымат боюнча ишкана музейлерди, аймактардагы туристтик объектилерди өз карамагына алып, чарбалык иштерди жүргүзөт жана Кыргызстанды чет жакта жарнама кылат.



Москва

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о реализации программы реновации в районе Филевский Парк



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Бутман и Агутин выступят на фестивале «Ангара-джаз» в Иркутске




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!


Ролан Гаррос

Фалей уступила в квалификации открытого чемпионата Франции по теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Иногда замена пациенту не подходит». Из аптек начали пропадать уникальные препараты от онкологии, у которых нет аналогов



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России