СМАРТФОН. ЭГИЗБАЕВ. МОСКВА.
КТРК жетекчилигине талапкер Каарманбек Кулуевдин Коомдук телерадиокорпорацияны өнүктүрүү боюнча программасы
КТРК жетекчилигине талапкер Каарманбек Кулуевдин Коомдук телерадиокорпорацияны өнүктүрүү боюнча программасы
Өкмөт бала бакчалардын жетишсиздигин менчик бакчалар менен кызматташуу аркылуу же мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде жоюуну көздөп жатат.
Бангкокто Азия боюнча парламенттик жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Венесуэланын Чек ара кызматы Европарламенттин беш депутатынан турган делегацияны өлкөгө киргизбей койду. Мыйзам чыгаруучу Эстебан Гонсалес Понс аларга мунун себебин түшүндүрүшпөгөнүн 17-февралда айтты. Депутаттар Венесуэлага оппозиция лидери Хуан Гуайдонун чакыруусу менен барышкан. Гуайдо “Твиттердеги” баракчасына европалык депутаттарды “азыркы араң турган режим” киргизбей койгонун жазды. Венесуэлада дагы эле кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Парламенттин төрагасы Гуайдо 23-январда өзүн "утурумдук президент" деп жарыялаган. Читать дальше...
Орусия аннексиялап алган Крымда 10-класстын окуучулары үчүн чыккан жарым аралдын тарыхы тууралуу китепти мектептерде жана китепканаларда колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттигине Мамлекеттик Думанын Крымдан шайланган депутаты Руслан Бальбек билдирди. Буга чейин Крымдын бийлигине Крым татарларынын кеңеши кайрылган. Билдирүүнүн авторлорунун пикиринде, окуу китебинде Крым татарларынын өз жеринен айдалышы “тарыхый жактан акталган факт” катары берилген. Алар болсо бул тарыхый окуяны "жек көрүүнү козутуу... Читать дальше...
Мюнхендеги эл аралык коопсуздук жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бир катар мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 16-17-февраль күндөрү Чыңгыз Айдарбеков Лихтенштейн, Филиппин, Армения, Грузия, Словакия, Чехия жана Ирандын тышкы иштер министрлери менен жолугуп, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты. Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петржичек менен... Читать дальше...
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Иерусалимге боло турган сапарынан баш тартты.
Бишкекте жол кыймылын “Коопсуз шаар” боюнча уюштурууда айрым көйгөйлөр чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда мэрияда өткөн жыйында айтылды. “Айдоочулар жол эрежелерин сактай баштаганына байланыштуу айрым кесилиштерде тыгын пайда болуп, адамдар жумушка кечигип жатышат” деп билдирди шаар башкармалыгы. Жыйындын соңунда 7-апрель жана Горький, Курманжан датка жана Чүй, Фучик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде кошумча белгилерди жана жолчырактардын кошумча секцияларын орнотуу чечими кабыл алынды.... Читать дальше...
Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, келишимге жетишүү үчүн тараптардын ортосунда 2016-жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ушул кезге чейин натыйжа чыкпай жатканын Ниязалиев кыргызстандыктардын эмгек укуктарын коргоо аракети менен байланыштырды: - Себеби кыргыз тарап мүмкүн болушунча жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын ушул долбоорго киргизүүнү каалап жатабыз. Катарлыктар “бул бардык башка мамлекеттер менен кол коюлган долбоор, ошондуктан... Читать дальше...
Катардын тышкы иштер министри Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда Иран менен Түркиянын араб өлкөлөрүнүн Катарга каршы койгон санкцияларынан кийинки ролу тууралуу билдирүү жасады.
Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосундагы тирештен улам Пакистан Нью-Делидеги элчисин кеңешүүгө чакыртты. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохаммад Файзал "Твиттер" баракчасына “Биз Индиядагы жогорку комиссарыбызды чакырттык. Ал бүгүн эртең менен Нью-Делиден жолго чыкты” деп жазды. Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында эки жолу куралдуу кагылышуу болду. Анын биринде Индиянын полиция күчтөрүнүн 10 кызматкери жана армиянын жоокерлери курман болду. ... Читать дальше...
Тажикстанда Ички иштер министрлигине караштуу бардык мекемелердин кызматкерлери милдеттүү түрдө китепканага барып, окуган китептери тууралуу отчет берип турушат. Бул тууралуу ички иштер министри Рамазон Рахимзода 18-февралда билдирди. Буга байланыштуу милициянын бөлүмдөрүндө ички курамдын сабаттуулугун арттыруу максатында чакан китепканалар ачылмай болду. Китепканачылар ар бир адамды каттап, ал алган адабиятты жана китепканада өткөргөн убактысын белгилеп турушат. Милиция кызматкерлерине кесиптик адабият же гезит-журнал окуганга болбойт. Читать дальше...
"Азаттыктын" Прага кеңсесинин кызматкери Каарманбек Кулуев КТРКнын жетекчилигине жарыяланган сынакка тиешелүү документтерин арызы менен кошо КТРКнын Байкоочу кеңешине тапшырды. Бул кадамга ал коомдук телеканалдын деңгээлин журналистиканын бардык стандарттары боюнча көтөрүү максаты менен барып жатканын айтты: - Тиешелүү документтерди ишенимдүү адамым алып барып, Байкоочу кеңешке тапшырды. Медиарыноктогу соңку өзгөрүүлөрдү эске алып, КТРК кыска убакытта өзүнүн приоритеттерин алмаштырууга тийиш. Биринчиден... Читать дальше...
Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жыйын жабык өтүп жатат. Жараянга жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок. Айыпталуучулар да сотко имараттын арт жагындагы эшигинен киргизилди. Бул ишти судья Инара Гилязетдинова карай тургандыгы кабарланган. Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Читать дальше...
“Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын эки колунан ажыраган кызматкерине жардам чогултуу үчүн банктан эсеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда “Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. “Ошол жигиттин аялынын атына эсеп ачылды. Колуңардан келген жардамды аябагыла. Эки колунун протезине акча чогулуп калсын” деп жазды укук коргоочу. “Ош жылуулук камсыздоонун” электриги Замирбек Кыдыров 2018-жылдын 15-октябрында кышка даярдык учурунда жогорку чыңалуудагы токко урунуп, эки колунан төртүнчү даражадагы күйүк алган.
Амстердам аэропортунда кармалган Орусиядагы “Новая газета” басылмасынын кабарчысы Елена Милашина менен укук коргоочу Милана Бахаева бошотулду. "Мемориал" борборунун жетекчиси Александр Черкасов орусиялык эки жаран аэропортто "түшүнбөстүктөн" улам кармалганын билдирди. 18-февралда “Новая газетанын” Москвадагы кабарчысы Елена Милашина менен “Мемориал” укук коргоо борборунун өкүлү Милана Бахаева Сириядагы кризисти талкуулаш үчүн укук коргоочулар менен жолугушууга барганда Амстердам шаарынын аэропортунда кармалышкан. Читать дальше...
Тубаса азиз Замира Калыбек кызы Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер. Ал Кыргызстанда майыптарга түзүлгөн шарттар, муктаждыктар жана кыялдары тууралуу айтып берди.
20-22-февраль күндөрү аба ырайы туруксуз болот: 20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын мол жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында 21-22 февралда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондорго күрткү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...
Бул маалыматты «Азаттыкка» Каныбек Осмоналиев өзү ырастады: - 18-февралда карады, буга чейинки инстанциялардын чечимдерин күчүндө калтырып, толугу менен актады. Мага козголгон иштин курамында кылмыш иши жок деп тапты. Бул ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук соту да былтыр октябрда Каныбек Осмоналиевди актаган чечим чыгарган. Айыптоочу тарап соттун чечимине нааразылык билдирип, жогорку инстанцияларга кайрылган. 6-декабрда Бишкек шаардык соту да Осмоналиевдин пайдасына чечим чыгарган. Читать дальше...
Түркияда Иран Ислам Республикасынын элчисинин катышуусунда “Биздин кошунабыз Иран” аттуу конференция өттү.
Прокуратуранын текшерүүлөрүнөн кийин мындан тышкары медициналык коллеждин жана бир мектептин имараты, аларга тиешелүү жер тилкелери мамлекетке кайтарылган. Ошондой эле Таласта мыйзамсыз менчиктелген курулушу аягына чыкпай калган көп кабаттуу үй Талас шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, өткөн жылы прокуратуранын текшерүүлөрүнөн кийин мамлекетке 313 млн. 784 миң сом акчалай түрүндө кайтарылган. Кайтарылган... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Европа мамлекеттерин Сириядагы АКШ күчтөрүнүн туткунундагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун 800дөй жоочусун алып кетүүгө чакырды. Сирия маселеси коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын башкы темасы болду.
Кыргызстандын улуттук жазуучулар Союзунун жаңы төрагасын шайлоо жараяны 85 жылдык тарыхы бар бул башкы чыгармачыл уюмдун көйгөйлөрүн күн тартибине чыгарды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Маданият" чек ара бекетинен өтүп бара жаткан жеринен беш киши кармалган. Алар Жалал-Абад шаарындагы борбордук дүкөндөн алтын уурдаган деп шек саналып, издөөгө алынганы аныкталган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, уурулукка шектелип кармалгандар Өзбекстандын жарандары, аялдар. Милиция менен чек ара кызматкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасында шектүүлөр чек арадан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылып жатышкан кезде колго түшкөн.
Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган кыргызстандык жаранды кармашты. Ал чек ара бекетинен тышкары Чу дарыясы аркылуу өлкөгө кирүүгө аракеттенген. Анын тек-жайын далилдеген документтери болгон эмес. Кармалган жаран андан аркы иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. (ZKo)
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости