Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 18.02.2019

Жумгалдагы кичинекей хоккейчилер

Azattyk.org 

Жумгал районунда хоккейге кызыгуу күч. Кокус барып калсаңыз көк муштум болгончо муз аянтында жүргөндөрдү көрөсүз. Элеттиктердин мындай жапырт кызыгуусунан улам, Жумгалдын ар бир айылына атайын хоккей борттору коюлуп, хоккей мектептери ачылды.

Өзбекстандан мыйзамсыз ташылган товар кармалды

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, товардын жалпы суммасы 500 миң сомдон ашат. Мыйзамсыз товарлар Оштогу "Достук” өткөрмө пунктунан 200 метр алыстыкта, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын бөлүп турган тосмо зымдын түбүнөн табылган. Мүшөктө Өзбекстанда пахтадан согулуп, тигилген көйнөктөр болгон. Жүктүн ээси табыла элек. Бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөө үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Кыргызстан 2012-жылдан бери Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө. Читать дальше...

Жол эрежесин бузуу болгон же болбогону 10 күндөн кийин билинет

Azattyk.org 

Жол кыймылынын эрежесин бузуу болгон-болбогону 10 күн аралыгында гана билинет. Бул тууралуу бүгүн 18-февралда «Азаттык» радиосуна Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Оторовдун белгилешинче, маалыматтар «Инфокомдун» базасына, андан соң башкармалыктын Мониторинг борборунун базасына келип түшүп жатат: - Бузуулар жөнүндөгү кодекс боюнча бузуулар тууралуу келип түшкөн бардык кабарлар 10 күндүн ичинде каралып чыгып, юридикалык баа берилгенден кийин гана бузуу болуп эсептелет. Читать дальше...



КТРК жетекчилигине он бир талапкерден арыз түштү

Azattyk.org 

Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгомбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 18-февралда КТРКга жетекчи болууну каалаган 11 талапкер арыз тапшырды: "Ушул сааттарга карата он бир талапкер арыз берди, бүгүн кечке чейин дагы көбөйүшү ыктымал". Болгомбаевдин айтуусунда, бүгүн саат 17:00дө КТРК жетекчилигине талапкерлерден арыз алуу аяктайт. Талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин гана белгилүү болот. "Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Читать дальше...

Ливан менен Ирак Астана сүйлөшүүлөрүнө катышууга даяр

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары  Сергей Вершинин Ливан менен Ирак Астана жыйынына катышууга даярдыгын жана алардын аталган сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Катар тың мигрантка эшигин ачат

Azattyk.org 

Катар дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн бири. Бул жакка акыркы жылдары кыргызстандыктар көбүрөөк кызыгууда. Иштеп, каражат тапканга мүмкүнчүлүк издеп жатышат. Жол-жобосу, шарттары кандай? "Элдик экономика" түрмөгүндө сөз кылалы.

Бишкек-Ош жолунда кырсыктан алты киши жабыркады

Azattyk.org 

Бишкек-Ош магистралынын Жайыл районундагы аймагында жүргүнчү ташыган "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган "Мерседес-Бенц" автоунаасы кагышкан. Натыйжада алты киши жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын ичинен салондо кысылып калган экөөнүн абалы оор деп бааланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя 17-февралдын таңында болгон. (ZKo)

Кыргыз экспортунун Европадагы таштак жолу

Azattyk.org 

Кыргызстан «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алгандан бери Европа биримдигине экспорту эки эсе өстү. Ишкерлер үч жыл мурда 50 млн. долларлык товар жөнөтсө, былтыр бул сумма 100 млн. долларга чукулдады.



Терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы Стратегия даярдалат

Azattyk.org 

Финансылык чалгындоо кызматы терроризмди каржылоо жана арам акчаны адалдоонун тобокелчиликтерине баа берүү боюнча иш-аракеттерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, арам акчаны адалдоонун тобокелчиликтерин иликтеген Евразиялык топ Кыргызстанга бул жаатта иштөөдө бардык кызыкдар тараптар менен терең жана тыгыз иш алып барууну, терроризмди каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы улуттук стратегия иштеп чыгууну сунуш кылган. Маалыматта айтылгандай... Читать дальше...

Кыргызстандыктар бир жылда өлкөдөн 542 млн. доллар чыгарып кетишти

Azattyk.org 

Акча которуу системалары аркылуу 2018-жылы 542,2 миллион доллар Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 90,3 миллион долларга көп. Өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси кабарлагандай, 2018-жылы ошондой эле чет жактагы мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 685,3 миллион АКШ долларын которду. Буга чейин “Азаттык” чет жакка акча которуулардын кескин көбөйүшүнүн себептерин иликтеген. Улуттук банк жеке... Читать дальше...

Кыргызстанда талаптагыдай логистикалык борборлордун саны 11ге жетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймактарында эл аралык стандарттарга жооп бере турган, айыл чарба азыктарын сактоочу 11 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, бул кампалардын сыйымдуулугу кеминде 1500-2000 тоннага жетет. Министрликтин өкүлү белгилегендей, мындай логистикалык борборлор келечекте 453 айыл өкмөттө бирден, болбосо жалпы Кыргызстанда 300-400гө чейин жетиши керек. Учурда сыйымдуулугу азыраак кампалар да бар. Читать дальше...

Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлаганы кабарланды

Azattyk.org 

ГРУнун мурдагы полковниги жана британ тыңчысы Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлап, дарыгерлер ага керектүү жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу британиялык "The Sunday Times" басылмасы британ атайын кызматындагы өздүк булактарына таянуу менен кабарлады. Дарыгерлердин пикиринде, Скрипал ууландырылган “Новичок” химиялык заты организмден чыгарылгандан кийин да адамга таасир эте бериши мүмкүн. Скрипал жана анын кызы Юлия 2018-жылдын март айында ууландырылган. Британ тергөөчүлөрү билдиргендей... Читать дальше...

КТРКнын жетекчилигине жети киши арыз тапшырды

Azattyk.org 

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилик ордуна жети киши арыз берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди. Ал талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин гана белгилүү болоорун айтты. Документтерди кабыл алуу бүгүн, 18-февралда аяктайт.  Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт. Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим... Читать дальше...

Кыргызстандын Европа биримдигине экспорту өстү

Azattyk.org 

Кыргызстан «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган соңку үч жылдан бери Европа биримдигиндеги өлкөлөргө экспорту өстү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева билдирди. - Эгер алтынды эсепке албай, санак жүргүзсөк 2018-жылы Европа биримдигиндеги өлкөлөргө биздин экспортубуз 95 млн. долларды түздү. Бул 2017-жылга карата салыштырмалуу дээрлик 1,60 эсе өстү дегенди билдирет. Токтоналиеванын айтымында, Кыргызстан «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасына кошулганга чейин... Читать дальше...

ЖЭБдеги коррупцияга айыпталган сегиз кишинин соту башталат

Azattyk.org 

18-февралда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы соттук угуулар өтөт. Бул тууралуу анда айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Отурум Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда саат 14:00дө башталат. Ишти судья Инара Гилязетдинова карайт деп айтылып жатат. Аталган ишти бир апталык изилдөөдөн кийин Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Читать дальше...



Москва

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Фонд музея-заповедника «Царицыно» собрал 61 тыс. произведений искусства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Бузова

«Можно даже не уметь играть в футбол»: Ольга Бузова публично высмеяла и унизила бывшего мужа Дмитрия Тарасова




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Центрального округа Росгвардии стала призером на чемпионате по пожарно-спасательному спорту в Москве (видео)

Больше всего работников с креативными идеями работает в ритейле и спорте

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России


Елена Рыбакина

Елене Рыбакиной поставили неожиданный «диагноз»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В арктическую экспедицию Росатома может отправиться школьник из Приамурья



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России