Бишкекте көчөлөрдүн дээрлик 12 пайызынын аталышы жок
Бишкекте көчөлөрдүн дээрлик 12 пайызынын аталышы жок. Бул тууралуу өкмөттө эл каттоого даярдык талкууланган жыйында айтылды. Жалпысынан республика боюнча көчөлөрдүн 5% аталышы жок. Эң көбү Бишкекте. Ош облусунда – 9 Талас жана Баткен облустарында – 6,7%. Ал эми аталышы бар, бирок бир да жазуусу жок көчөлөрдүн саны дээрлик 33%. 2020-жылы Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт. Пилоттук негизде каттоо алгач быйыл 25-марттан 3-апрелге чейин Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында өтөрү маалым болду. Читать дальше...