Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 26.02.2019

Өмүрбек Текебаевдин иши БУУда расмий каттоого алынды

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча кыргызстандык укук коргоочулардын кайрылуусу расмий каттоого алынды. Ишти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине жиберген «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул комитеттин эксперттери кайрылууну кароого кабыл алышты дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу маалымат укук коргоочуларга 26-февралда берилген. «Адилет» укуктук клиникасы Өмүрбек Текебаевдин... Читать дальше...

Балдар ооруканасына ооруну басуучу дарылар акысыз берилди

Azattyk.org 

«Helpthechildren – SKD» аттуу кайрымдуулук фонду Бишкектеги балдардын №3 клиникалык ооруканасына жана №6 төрөт үйүнө 900 миң сомдук ооруну басаңдатуучу дарыларды берди. Америкадан алынып келген лидокаин кремдери кичинекей пациенттердин оорусун басаңдатат. Бул «Helpthechildren – SKD» фондунун алгачкы жардамы эмес. Буга чейин Эне-баланы коргоонун улутттук борборуна жана Улуттук онкология жана гематология борборуна да ооруну басаңдатуучу дарылар акысыз берилген.



Ватиканда кардинал өспүрүмдөргө жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталды

Azattyk.org 

Австралия соту Ватикандын казына башчысы, кардинал Жорж Пеллди өспүрүмдөргө жыныстык ыдык көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал Мелбурнда архиепископ кызматында жүргөндө, 22 жыл мурда 5 кылмыш кылган деп айыпталган. Пелл айыптарды моюнга алган жок. Өткөн жылдын декабрында чыгарылган чечим эми белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы боюнча өкүм жакынкы күндөрү чыгары күтүлүүдө. 77 жаштагы кардинал жыныстык жосунсуз жорук үчүн айыпталган католик дин кызматкерлеринин эң даражалуусу деп эсептелүүдө. Жекшембиде... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн жылый баштады

Azattyk.org 

27-февралда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы:  Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;  Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15;  Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;  Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;  Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;  Нарын облусунда түнкүсун -20…-25... Читать дальше...

Ирандын тышкы иштер министри кызматтан кетерин жарыялады

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф кызматтан кетерин 25-февралда «Инстаграмдагы» баракчасына жазды. Зариф кызматта турган кезде кетирген бардык кемчиликтери үчүн кечирим сурады. Анын кызматын тапшырышуу боюнча чечиминин себептери белгисиз. Бирок Ирандын президенти Хасан Роухани анын арызын канааттандырганы тууралуу расмий маалымат келе элек. Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү «Инстаграмдагы» баракча Зарифке таандык экенин ырастаган. Ирандагы расмий маалымат каражаттары Зарифтин айткандарын бышыктап... Читать дальше...

Абылгазиев «Русгидро» ишканасынын төрагасы менен жолугушту

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен кездешти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин, Кыргызстандын суу-энергетикалык мүмкүнчүлүгүн жана Борбор Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү пландарын талкуулашты.   Анда ошондой эле Жогорку Нарын каскады тууралуу да маселе козголуп, ага байланыштуу кырдаалды өз ара жөнгө салуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык... Читать дальше...

Назарбаеванын Австрияда каткан акчасы

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дариганын Австриядагы банк эсептеринде бир кезде миллиондогон доллар болгону «Евразия демократиялык демилгелери» жарыялаган кеңири баяндамада айтылат.



Дүйнө жүзүнө оюн саткан кыргызстандык

Azattyk.org 

Түркияда жашап, эмгектенип жаткан кыргызстандык Бакыт Байдалиев дүйнөдөгү атагы чыккан киностудияларга оюн-зоок атракциондорун сатат. Ал жаңы технологиялардын тилин таап, колдонуучуларга атайын виртуалдык дүйнөдө кызыктуу оюндарды сунат экен. Ошондой эле Бакыт Байдалиевдин симуляторлору ондогон сыйлыктарга ээ болгон.

Хезершоу: Уурдалган акчаны кайтарса болот

Azattyk.org 

Кыргызстандан уурдалып кеткен акчаны артка кайтарууда кандай тоскоолдуктар бар? Бакиевдин режими тушундагы финансылык махинацияларды талдаган “Чек арасыз диктаторлор” китебинин авторлорунун бири, Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу “Азаттыкка” маек курду.

Баткендиктер кыргызстандыктарга каада-салт чыгымдарын азайтууну сунуш кылышты

Azattyk.org 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 25-февралда атайын жыйын куруп, аш-тойлордо, каада-салттарда ашыкча чыгым болуп жатканын талкуулады. Анда айтылган маалыматтарга караганда, облус аймагында эле былтыр сүннөт той, жентек той, тушоо кесүү сыяктуу той-мааракелерди эске албаганда, 2131 маркумду акыркы сапарга узатуу, 3912 үйлөнүү үлпөтү өткөн. Ал үчүн 1 млрд. 251 млн. сом каражат жумшалган. Ал эми үлпөт той өткөрүп, баш кошкон жаш жубайлардын 672си ажырашып кеткен. Жыйындын катышуучулары... Читать дальше...

Кызыл-Кыяда баңгизат алып жүргөн өзбекстандык жаран кармалды

Azattyk.org 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 22-февраль күнү Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери Өзбекстандын Маргалаң шаарынын 38 жаштагы тургунун кармаган. Анын жанынан өзгөчө жыты бар, жашыл-күрөң түстөгү салмагы 21 граммды түзгөн зат күбөлөрдүн катышуусунда алынган. Андан соң ал убактылуу жашаган Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы үйдөн ширеңкенин кутусуна сактаган 21 граммдан ашыгыраак баңгизатка окшош, өзгөчө жыты бар зат табылып, Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Читать дальше...

БУУ: 2018-жылы Ооганстанда жайкын тургундардын өмүрү көп кыйылды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)  Ооганстандагы миссиясы былтыр соңку 20 жылга салыштырганда жайкын тургундардын өмүрү эң көп кыйылганын билдирди. Бул көрсөткүч 2017-жылга жылга караганда 11% өскөн. БУУнун Ооганстандагы миссиясынын жылдык баяндамасында айтылгандай, көпчүлүк учурда куралдуу чабуулдарды Кабулдагы өкмөттүн душмандары койгон. Былтыр ооган жергесинде 65 теракт жасалып, карапайым адамдардын каны төгүлдү. БУУнун өкүлүнүн маалыматына ылайык, кандуу чабуулдардын 40% «Талибан» тобунун жоочулары... Читать дальше...

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушуна дагы 56 млн. доллар керек

Azattyk.org 

Бул акчаны Транспорт жана жол министрлиги Кытайдын Эксимбанкынан грант түрүндө алууну көздөп жатат. Аталган министрликтин өкүлү парламент комитетинде билдиргенине караганда, тиешелүү сунуш Финансы министрлигине жөнөтүлдү.  Өлкөдөгү жолдордун курулушуна Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкынан буга чейин 1 миллиард доллардан ашуун каражат алган.  26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети автоунаа жолдорунун абалы жана жолдорду куруу боюнча ратификацияланган... Читать дальше...

Ош шаарында 500 сом үчүн аялын өлтүргөн деген шек менен күйөөсү кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 19-февралда болгон. Шаардагы Ак-Тилек кичирайонунун 45 жаштагы тургуну 35 жаштагы келинчегин «500 сом акчаны кайда короттуң?» деп сабаган. Натыйжада токмок жеген келин диванга жаткан боюнча өлүп калган. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, келиндин өлүмү тууралуу 21-февралда анын кайын журту милицияга кабарлаган:  - Маркумдун денесинде бир нече жеринде токмоктон калган тактар болгон. Читать дальше...

Намыска жарады! Дастан Шаршеевдин атаандашын утуп дүйнө чемпиону болгон видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев 2017-жылы Казань шаарындагы TNA турниринде калыстын "утулдуң" деген чечимине макул болбой, рингден түшпөй көгөрүп туруп алганы менен көпчүлүккө таанылган. Кийинчерээк реванш-беттеште каршылашын жеңип алган.

Апрель-ТВ: Сот айтылган сөздөргө экспертиза жүргүзүүгө уруксат берген жок

Azattyk.org 

26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызын кароону улантты. Бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгышмак. Бирок «Апрель» телеканалынын адвокаттары доогерлер «ар-намысыбызга шек келтирилди» деген сөздөргө лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү соттон өтүнүштү. Доогер тарап ага каршы чыкты. Бир нече убакыт кеңешүү бөлмөсүнө кеткен сот бул өтүнүчтү четке какты. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Лазарев

«Сергей Лазарев за все платит»: диско-бабушка из Коми рассказала, как ей искали квартиру





Rss.plus
Алсу

KP: муж изменял Алсу последние 10 лет




В Академическом районе на фестивальной площадке организуют библиомарафон 6 июня

Зампред организации профсоюза медработников Подмосковья обсудила новые методики

Около 50 тысяч человек побывали в парке имени Калинина в Королеве за неделю

Ефимов: в рамках КРТ в Савеловском районе появится деловое пространство




Бишкектеги төрт эмдин абалы орто

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордун башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ымыркайлардын абалы орто. Төртөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калыш үчүн болушунча аракет кылып жатышат. Ымыркайлардын энеси Нурайымдын абалы жакшы.  25-февралда таңга жуук Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 28 жаштагы эне төрт эм: бир кыз, үч уул бала төрөгөн. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки... Читать дальше...

Жаңы кодекстер: мүчүлүштүк жана жеңилдик

Azattyk.org 

Жаңыдан күчүнө кирген кодекстердеги мүчүлүштүктөрдү оңдоп, шайкеш келтирүү үчүн 200дөн ашуун мыйзамдарга жана 600дөн ашуун укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду.

Парламент комитети Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 26-февралда жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтык жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуш кылды. Мындан тышкары министрге кымбат баалуу жол тандабас сатылып алынышынын мыйзамдык жагын текшерүү Башкы прокуратурага тапшырылды. Комитет баасы 82 миң доллар турган бул жол тандабасты сатып, ордуна «Тез жардам» унааларын сатып алууну да өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев кабарлады... Читать дальше...

Боронов: Жолдордун курулушу мөөнөтүнөн кечигүүдө

Azattyk.org 

Учурда өлкөдө жол салуу боюнча 13 долбоор ишке ашып жатат. Анын ичинен төрт долбоор боюнча иштер түрдүү себептер менен артта калууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түндүк-Түштүк алтернативалуу жолундагы, Бишкек - Кара-Балта, Ош - Баткен - Исфана, Исфана - Кайрагач жолдорундагы курулуштар белгиленген мөөнөттөн артта калып жатат.  Кубатбек... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүү 25-февралда саат 17:21де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде болгон. Очогунда күчү 3 баллды түздү. Ала эми танапташ жайгашкан Кара-Киндик жана Бор-Дөбө айылдарында 2 балл болгон.



Москва

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Трасса Солнцево — Бутово — Варшавское шоссе будет готова в 2026 году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

«Своя жизнь»: Волочкова отказалась поздравлять бывшего мужа с рождением сына




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В новой Москве соревновались нештатные формирования

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ

Сделано в СССР. Первое историческое ралли в Москве стартует 2 июня


Андрей Рублёв

Теннисист Рублев объяснил, почему проиграл сет в первом круге "Ролан Гаррос"



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Москве в мае не выявили ни одного случая штамма коронавируса FLiRT



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России