Адвокат: Азимжан Аскаровдун үйү кайрадан камакка алынды
Өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү быйыл март айында кайрадан камакка алынган. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы үй Аскаровго козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынып, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен кайра камактан чыгарылган. Кийинчерээк 2012-жылы Жалал-Абад облустук соту Базар-Коргондо өлтүрүлгөн милиционердин жубайынын өтүнүчү менен ага Аскаровдун эсебинен 170 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген. Читать дальше...