Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 03.06.2019

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарды оңдоого каражат бөлүндү

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айыл аймагынын жол, суу, мектеп жана бала бакча маселелерин чечиш үчүн мамлекеттен 220 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу «Азаттыкка» 3-июнда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.  Көк-Таш - Ак-Сай, Ак-Сай - Тамдык жолдорунун курулушун улантууга жана Ак-Сай - Рават автожолунун курулушуна 150 млн. сом, Ак-Сай айыл аймагындагы Бакай конушун сугат суу менен камсыз кылыш үчүн 50 млн. сом, Ак-Сай айылындагы Б.Хожаев атындагы орто мектепти капиталдык ондоого жана Капчыгай... Читать дальше...

Дональд Трамп Лондонго келди

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп үч күндүк мамлекеттик сапары менен Лондонго келди. Анын бул келишин утурлай Британиянын бир катар шаарларында Трамптын саясатын сындаган акциялар өткөнү турат.

Тажикстанда селден бир киши өлүп, жүздөгөн үйдү суу каптады

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматына караганда, 1-июндан берки суу ташкынынан Рудаки, Хуросон, Восе жана башка райондордогу жүздөгөн үйлөрдү суу каптады. Андан Хуросон районунун 18 жаштагы тургуну каза тапкан. Ал эми бир эле Восе районунда 400дөн ашык үйдү суу басып калган. Мындан тышкары көпүрөлөр жана жолдор жарактан чыккан. Тажикстан тоолуу өлкө болгондуктан жаратылыш кырсыктары көп болот. Быйыл жыл башынан бери эле сел, жер көчкү жана башка табият кырсыктарынан 15 киши көз жумду.



«Миллиондор чыгарылганын билген эмесмин»

Azattyk.org 

"Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деген "Азаттыктын" иликтөөсүндө айтылган каражаттар тууралуу 2015-2016-жылдары өкмөттү жетектеген Темир Сариев билгенби? Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгына кантип дайындалган?

Айт намазы Бишкектен башка аймактардагы аянттарда окулбайт

Azattyk.org 

Быйыл Айт намазы Бишкекте гана эски аянтта окулат, башка аймактарда чоң мечиттерде болот. Бирок анын себеби так айтылбай жатат.  Ушундай чечим бар экенин жергиликтүү казыяттардын өкүлдөрү билдиришти. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы - муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев муну тастыктады, бирок документ түрүндө буйрук жок экенин айтты.  Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана башка шаарларда да Айт намаздары борбордук аянттарда, стадиондордо окулуп келген.  Орозо айт быйыл 5-июнда болот. Читать дальше...

Азербайжан «Боинг» менен түзүлгөн 1 млрд. долларлык келишимди үздү

Azattyk.org 

«Азербайжан аба жолдору» «Боинг» компаниясы менен 1 миллиард долларга түзүлгөн келишимди бузду. Компания мындай чечимге «Боинг 737 MAX» учактары Эфиопияда жана Индонезияда кырсыкка кабылгандан кийин келген. - «Азербайжан аба жолдору» коопсуздуктан улам «Боинг» компаниясынын 10 учагын сатып алуудан расмий баш тартты жана келишимди үздү, - деди компаниянын өкүлү Паша Кесаминси. Быйыл март айында Эфиопияда «Боинг 737 MAX» кырсыкка кабылып, 157 адамдын өмүрү кыйылган. 2018-жылдын октябрь айында ошол... Читать дальше...

Дональд Трамп үч күндүк сапар менен Британияга келди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп үч күндүк мамлекеттик сапары менен Британияга келди. Ал сапардын биринчи күнүндө британ ханышасы Елизавета II баш болгон падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, андан соң премьер-министр Тереза Мэй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.  АКШ президентинин бул сапары Британиянын өзүндө Брекзит боюнча талкуу уланып, премьер-министр Тереза Мэй кызматтан кетүүгө камынып жаткан учурга туш келди.  Трамп жекшемби күнү Лондонго жөнөөр алдында АКШ менен Британиянын кызматташтыгынын келечегине токтолуп... Читать дальше...

Судандагы кагылышта тогуз киши мерт болду

Azattyk.org 

Судандын коопсуздук күчтөрү бир канча жумадан бери аскердик штабдын алдында нааразылык акцияларын өткөрүп жаткан демонстранттарга күч колдонгон окуядан кеминде тогуз киши өлдү. Суданда өлкөнү 30 жыл бою башкарган президент Омар ал-Баширдин бийлиги эки ай мурда кулатылган. Бирок анын ордун ээлеген аскердик бийликти демонстранттар колдобой, жарандык өкмөт келишин талап кылып, көчөдө кала беришкен. 3-июнда АКШнын элчилиги борбор шаар Хартумдагы митингчилерди күч менен таратуу аракеттери токтошу керек экенин билдирди. Читать дальше...



Кара-Сууда 8-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганы айтылууда

Azattyk.org 

Оштун Кара-Суу районундагы Сүрөө-Таш айылынын тургуну, 13 жаштагы кыз өзүн асып алганы айтылууда. Анын сөөгү 27-май күнү үйүндөгү сарайда асынган абалда табылганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурпери Абдуллаева «Азаттыкка» билдирди. Суициддин себеби белгисиз, кыздын ата-энеси сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткан. Милиция бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, иликтеп жатат. Расмий маалыматтар боюнча, Ош облусунда... Читать дальше...

Нур-Султанда көп балалуу энелер Өкмөт Үйүнүн алдында митингге чыкты

Azattyk.org 

Нур-Султанда Өкмөт Үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыккан көп балалуу энелерге жана жалгыз бой келиндерге Казакстандын премьер-министринин орун басары Гүлшара Абдыкалыкова, ошондой эле эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев чыгып жолукту. Абдыкалыкова аялдарга «ызы-чуу менен эч нерсе чечилбейт, ошондуктан ар бир адамдын маселесин жеке карайбыз, мыйзамсыз эч нерсе болбойт» деп жооп берди. Ал эми эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев кесиптик кошуундардын... Читать дальше...

Кытай ИИМге чопкутталган автоунааларды белек кылды

Azattyk.org 

Кытай өкмөтү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине чопкутталган автобус, кичи автобус, жол тандабастарды жана машинелерди берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул автоунаалардын жалпы баасы 30 миллион юанды же 4,3 миллион долларга жакын каражатты түзөт.  Быйыл майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи техникалык жардам жөнүндө макулдашкан.  3-июнда автоунааларды алып жатып Кашкар Жунушалиев техникалык жардам кыргыз милициясына кылмыштуулукка каршы күрөштө... Читать дальше...

Баткенде табылган беш авиабомба жок кылынды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Өзбекстан менен чектеш Ак-Турпак айыл аймагынан беш даана авиабомба табылып, жок кылынганын 3-июнда айыл өкмөт кабарлады. Аймакта эки ай бою Куралдуу күчтөрдүн атайын адистери издөө иштерин жүргүзүштү.  Бул айыл аймагындагы конуштардан, эгин талааларынан жыл сайын жарылбай калган авиабомбалар табылып турат. Кийинки жылдары жергиликтүү бийлик атайын кызматтарга кайрылып, аймак калкынын коопсуздугу үчүн издөө иштерин жүргүзүп берүүнү өтүнүп, тазалоо жумуштарын жүргүзүп келет. Эки ай бою тазалоо иштери жүрүп... Читать дальше...

Матраимов «Азаттыктын» иликтөөсүнө 5-канал аркылуу жооп берет

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын»  «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө 5-канал аркылуу жооп берет.  Аталган телеканалдын башчысы Эрнис Кыязов билдиргендей, депутат 3-июнда «Ой бүгүн» талкуусуна катышып, мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар деген маалыматтарга пикирин билдирет. Программага иликтөөнүн автору... Читать дальше...

Мэрия Бишкекте ысык суу бериле баштаганын кабарлады

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 3-июндан тартып ысык суу бериле баштады. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, алгач мекеме-ишканалар, социалдык объектилерге ысык суу берилет. Абоненттерге суу берүү иши үч күн бою жүргүзүлөт.  Быйыл ысык суу белгиленген мөөнөттөн эки-үч күн мурда берилип жатат. Шаардык бийлик буга оңдоп-түзөө иштери эрте аяктаганы менен түшүндүрдү. Башкалаада жылуу суу 6-майда өчүрүлгөн. Жыл сайын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн абоненттерге ысык суу берүү туура бир айга токтотулат.

Ким Чен Ын «сүргүнгө айдалды» деген аткаминер менен чогуу концертке барды

Azattyk.org 

Буга чейин «саясий туткундар кармалчу түрмөгө сүргүнгө айдалды» деп айтылып жаткан түндүк кореялык жогорку кызмат адамы бир канча айдан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты. «Reuters» агенттигинин жазганына караганда, ал мамлекет башчысы Ким Чен Ын менен бирге концерт көрүүгө келген. Анын концертте отурган сүрөттөрүн Корей борбордук телеграф агенттиги жарыялады. Буга чейин Түштүк Кореянын «Чосон илбо» гезити Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин биригүү боюнча бөлүм башчысы Ким Ён Чхол... Читать дальше...

Коррупцияга каршы чыккандардын талабы

Azattyk.org 

«Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн!» деп аталган тынч митингдин уюштуруучусу, активист Рита Карасартова 3-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин алдына чыкты. Ал журналисттерге иш-чарага эмне себептен катышуучулар келбей калганы тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү «борбордук аянтта митинг өткөрүүгө болбойт» деп расмий түрдө кабарлашкан. Ага карабай, айрым укук коргоочулар, активисттер белгиленген жерге барып, коррупция менен күрөшүүгө жана УКМКны реформалоого чакырган кол топтоп, ал кайрылууну президентке жолдошту.

«Соттордун аталыгы» аттыккан Арабаев камалды

Azattyk.org 

УКМК 2-июнда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевди камакка алды. Атайын кызмат аны «Коррупция» боюнча айыптап жатат.


Музыкальные новости
Юрий Визбор

Вечер бардовской песни, посвященный Юрию Визбору, пройдет 19 июня в Обручевском





Rss.plus
Опера

Благотворительный Вечер в «Геликон-Опера»: Искусство во Имя Добра




Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об открытии в Магадане школ для ИТ-специалистов

Загородный банкет: разбираем тонкости, смотрим на лучшее

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» легально изготавливает армии и спецслужбы. 6 серия. СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

POMPEYA и O! МАРГО выступят на фестивале «НЕБО»




4-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

4-июнда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29, Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 20...25, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28, Нарын дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6... Читать дальше...

Шинжаңдык Сайрагүл Сауытбай Казакстандан чыгып кетти

Azattyk.org 

Казак улутундагы шинжаңдык Сайрагүл Сауытбай башпаанек ала албай үй-бүлөсү менен Казакстандан чыгып кетти. Адвокаты Айман Умарова 3-июнда «Фейсбукка» жазгандай, Сауытбай «дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бирине» өз турмушун куруш үчүн учуп кетти. Адвокат Бириккен Улуттар Уюмуна буга чейин Швециядан башпаанек алыш үчүн анын документтери жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Өткөн шаршембиде Талдыкоргон шаарынын апелляциялык соту Сауытбайдын миграциялык башкармалыкка жазган арызын кайра кароого жиберген. Былтыр... Читать дальше...

Бишкек: темир жолдогу жарылуунун чоо-жайын атайын комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Бишкектин Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде темир жолдо болгон жарылуунун себебин иликтеген комиссия түзүлдү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенко журналисттерге билдирди.   Анын айтымында, жарылуу жүргүнчүлөрдүн кирин жууган фирма үчүн ысык суу даярдоочу жайда болгон.  Бүгүн, 3-июнда эртең мененки саат 08.50 чамасында чыккан жарылуудан төрт киши жаракат алган. Алардын баары күйүк менен ооруканага түшкөнү, абалдары оор экени, бирөө реанимацияда жатканы кабарланган. Читать дальше...

«Ынтымак» каналынын кызматкери автокырсыкта көз жумду

Azattyk.org 

Оштогу «Ынтымак» телерадиоканалынын кызматкери Замира Таштанбекова автокырсыкта көз жумду. Каналдын программалык директору Асанбек Каракозуев билдиргендей, ал 1-июнда Ош шаарында күйөөсү менен кошо аварияга кабылган. Өмүрлүк жары аман калган.  Беш баланын энеси Замира Таштанбекова «Ынтымакта» коммерциялык бөлүмдүн менежери, кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы болуп иштеген.  «Азаттык» радиосу маркумдун жакындарына көңүл айтат. (SE)

"Апа, эртерээк келиңизчи..."

Azattyk.org 

Мигранттардын айылда калган балдары. Мал дарылаган ата-бала. Кирпич чыгарган механизмди ойлоп тапкан техник. Мектепке муктаж оорукчан балдар. Айылда балык чарбасын түптөгүсү келген ардагер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 5 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал об открытии нового перехода на вокзал Зеленоград-Крюково



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Людвиг ван Бетховен

Юные туляки сыграли с филармоническим оркестром Бетховена и Вебера




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Волонтеры Президентской академии в Санкт-Петербурге вносят свой вклад в развитие и повышение доступности спорта для граждан

На ВДНХ пройдет Удмуртский национальный праздник Гербер

Представители KAMA TYRES приняли участие в 57-й легкоатлетической эстафете


Миомир Кецманович

Кецманович отказался от борьбы в игре с Медведевым на "Ролан Гаррос"



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

‘Please don’t play that at matches next season’, beg Luton fans after Coldplay reveal new song for Hatters at festival



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России