Жаш тарыхчылар уюмуна 30 жыл
30 жыл илгери, б.а. 1989-жылдын 3-июнунда, КУУнун студенттери «Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты» коомдук уюмун түзүүгө жигердүү катышкан.
30 жыл илгери, б.а. 1989-жылдын 3-июнунда, КУУнун студенттери «Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты» коомдук уюмун түзүүгө жигердүү катышкан.
Израилдин аскер күчтөрү бир күндүн ичинде Батыш жээкте 50 палестиналыкты уурдап кеткени Палестиналык туткундардын бирикмесинин (PPS) баяндамасында айтылды.
Жогорку Кеӊештин депутаты Исхак Масалиев шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасын жана пенсияны көбөйтүүгө тыюу салууну сунуш кылды. Масалиев бул тууралуу 3-июнда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча президент түзгөн жумушчу топтун мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу учурунда айтты: - Бүгүнкү күндө эӊ негизги административдик ресурс - шайлоо мезгилинде пенсияны, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын көтөрүү. Биз ушуга тыюу салалы деген сунуш киргизип жатабыз. Читать дальше...
АКШ Иран менен алдын-ала шарт койбой туруп сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2-июнда билдирди. Бирок Помпео бул үчүн Иран «нормалдуу өлкө катары иш кыларын» көрсөтүшү керек экенин айтты.
Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Арабаевди 2-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизди. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал коррупцияга аралашкан деп шек саналууда, бирок конкреттүү кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү расмий айтыла элек. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын... Читать дальше...
«Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн!» деп аталган тынч митингдин уюштуруучусу, активист Рита Карасартова бүгүн, 3-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин алдына чыкты. Ал журналисттерге иш-чарага эмне себептен катышуучулар келбей калганы тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү «борбордук аянтта митинг өткөрүүгө болбойт» деп расмий түрдө кабарлашкан. Ага карабай, айрым укук коргоочулар, активисттер белгиленген жерге барып, коррупция менен күрөшүүгө жана УКМКны реформалоого чакырган кол топтоп, аны президентке жөнөтмөй болушкан. Читать дальше...
Кыздын катталуучуларынын саны бир түндө эле 2,5 миллионго чукулдап барган.
Любомир Глос (Lubomír Glos) - Чехиядагы көйкашка шарапкерлердин бири. Үй-бүлөсү менен 6 гектар жерде жүзүмдүн ар кыл сортторун өстүрүп, кымбат шарап жасайт. Ал кыйыштырып өстүргөн жүзүмгө жергиликтүү өкмөт тарабынан эстелик тургузулган.
Сузак районунун Жийде айылынын бир катар тургундары аймактагы чек ара заставасынын башчысына каршы арызданып укук коргоо органдарына кайрылышты.
Бишкекте темир жолдогу жарылууда төрт адам жаракат алды. Алардын денеси күйүп, ооруканага түштү. Жабыркагандардын бири реанимацияда жатат. Баарынын абалы оор экенин «Азаттыкка» Чукул медицина борборунун башкы дарыгери Искандер Шаяхметов билдирди. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы окуя болгонун тастыктап, Бишкек Жылуулук электр борборунан келген түтүк туташкан кеңейтүүчү бак жарылганын маалымдады. Жарылуу бүгүн, 3-июнда саат 08.50 чамасында Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо болгон. Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык виза алуунун жаңы шарттарын иштеп чыкты.
Кыргызстандык 184 спортчу ар кыл салмак категориясында ат салышмакчы.
«British Airways» авиакомпаниясы Пакистанга түз каттамдарын кайра ачты. Коопсуздук чараларынан улам рейстер 10 жыл мурда токтотулган. Алгачкы учак Лондондун Хитроу аэропортунан 2-июнда кечинде чыгып, бүгүн таңга жуук Исламабад шаарына жетип барары айтылды. Улуу Британиянын Пакистандагы элчиси Томас Дрю бул күн эки мамлекет үчүн маанилүү экенин айтты. «British Airways» 2008-жылы Исламабаддын «Marriott» мейманканасында жардыруу болуп, 50 адам каза тапкан окуядан кийин бул өлкөгө түз каттамдарын токтотуп койгон. Читать дальше...
Батукаевдин иши боюнча кармалган эки медицина кызматкерин бошотуу жөнүндө талап менен Жогорку Кеңештин алдында бүгүн 3-июнга пландалып жаткан митинг айдын аягында уюштурулмай болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту бул күнү парламент алдында акция өткөрүүгө тыюу салды. - Алар «Горький атындагы гүлбакта өткөргүлө» деп сунуш кылып жатышат. Биз «ал жакта өткөрбөйбүз» деп айттык. Читать дальше...
Рим папасы Франциск Румыниядагы иш сапарында католиктер чиркөөсүнүн атынан кылымдар бою уланган басмырлоо үчүн цыгандардан кечирим сурады. Блаж шаарында цыган коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөп жатып ал «биз тарыхыбыздагы сиздерди басмырлап, катаал мамиле кылып же жактырбай караган мезгилдерибиз үчүн кечирим сурайбыз» деди. - Мурдагы оор жана кейиштүү күндөрдү эч ким унута да, тана да албайт. Бирок ал күндөр биздин бир тууган катары тынчтыкта жашоого карай умтулуубузга жолтоо болбошу керек, - деди Рим папасы. Читать дальше...
Бишкекте «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен бүгүнкүгө белгиленген тынч митингдин ордуна кол топтолот. Атайын петиция даярдалганын «Азаттыкка» иш-чаранын демилгечиси, жарандык активист, «Социалдык изилдөөлөр институту» уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди: - «Борбордук аянтта өткөрүүгө болбойт» деп расмий түрдө айтышты. Бирок ошого карабай «чыгып айтабыз» деген кишилер болуп жатат. Ошондуктан жарыя салган киши катары талаптарыбыз тууралуу петиция даярдадым. Эртең менен ошол жерге барып... Читать дальше...
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети депутаттар тобу шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштеп чыккан долбоорлордун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт. Талкууга парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышат. 23-майда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда талкууланган. Анда жергиликтүү кеңештеги бир жыныстагы... Читать дальше...
Бүгүн 3-июнда Кыргызстанда 9 жана 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери башталат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 11-классты аяктап жаткандар математика, окуган тили, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана тандоосуна жараша дагы бир сабак боюнча экзамен тапшырышат. Тогузунчу классты аяктагандар да ушул эле беш сабак боюнча сынактан өтүшү керек болот. Математика сабагынан жазуу түрүндөгү экзамен бала окуган мектептеги программага ылайык даярдалат. Читать дальше...
Быйыл «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Учурда тиешелүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иштеп жатат. Ал 21-июнга чейин планын түзүп, бекитиши керек. Өкмөттүн буйругунда белгиленгендей, мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик мекемелердин, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт.... Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев пландалган дарылануу курсунан өтүп жатат, абалы жакшы. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын тарапкерлери кабарлашты. Ал кан басымынын жогорулашына, жүрөктүн жана омуртка тутумунун иштешине байланыштуу диагноздор боюнча дарыланууда. Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолушун саясий куугунтук катары баалап келишет. 31-майда партия лидери... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости