Тыныбекова финалда россиялык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Кармаштын видеосу
Буга чейин кыргызстандык балбан ушул эле турнирде россиялык балбан Ульяна Тукуренова жана Африканын азыркы чемпиону Тунистен чыккан Марва Амрини жеңген.
Буга чейин кыргызстандык балбан ушул эле турнирде россиялык балбан Ульяна Тукуренова жана Африканын азыркы чемпиону Тунистен чыккан Марва Амрини жеңген.
Турнирде кыргызстандык балбан россиялык Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алган.
Европа Биримдиги Александр Лукашенко менен анын уулу Виктор баштаган беларус бийлигиндеги аткаминерлерге санкция салды. Мындай чечим уюмдун расмий журналына жарыяланды. "Кара тизмеде" Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт, администрациясынын башчысы Игорь Сергеенко, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Иван Тертель баштаган ондогон аткаминер бар. Евробиримдик аларды Беларустагы шайлоодо мыйзам бузууга, нааразылык акцияларындагы зордук-зомбулукка жооптуу деп тапты. Ага ылайык... Читать дальше...
Виталий Кличко Киев шаардык кеңешиндеги шайлоодо 50,52% добуш алып, дагы бир кызматтык мөөнөткө шайланды. Бул орунга 17 талапкер ат салышкан жана бир катар байкоочулар мэрди шайлоо эки айлампа менен өтүшү мүмкүн экенин боолголошкон. Киев шаардык кеңешине жалпысынан жети партия өттү жана арасында президенттин "Эл кызматчысы" партиясы да бар. Кличко Киев шаарынын мэри болуп алгач 2014-жылы шайланган. Былтыр сентябрь айында аны кызматтан алуу тууралуу чечимден улам украин өкмөтүн, ошол кездеги... Читать дальше...
Австриянын бийлиги Венада кандуу кол салуу уюштурган Фейзулай Куртин такай каттаган эки мечитти жапты. Интеграция боюнча министр Сюзанн Рааб 6-ноябрдагы басма сөз жыйынында бул диний жайлар кылмышка шектүүнүн радикалдашуусуна өбөлгө түзгөнүн билдирди. Ал жабылган мечиттердин бирөө гана расмий каттоодон өткөнүн кошумчалады. Австриядагы расмий таанылган ислам диний коому «тиешелүү органдар менен сүйлөшкөндөн кийин» расмий каттоодон өткөн мечит диний уюмдар тууралуу мыйзамдарды бузганы үчүн жабылганын бышыктады. Читать дальше...
Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыккан адамдардын саны экинчи күн катары менен рекорддук чекке жетти. Жонс Хопкинс университетинин 5-ноябрдагы статистикасына ылайык, бир күндө вирус 123 миң 85 кишиден табылды.
Мелдеш бүгүн, 6-ноябрда, Сингапур шаарында өттү. Кямран Аббасов жарым орто салмакта чемпиондук наамын коргоо үчүн чыккан.
АКШда президенттик шайлоодо Демократтар партиясынан талапкер Жо Байден чечүүчү деп саналган Пенсильвания штатында Дональд Трамптан азырак добуш менен озуп чыкты. Учурда бул штатта почтадан келген добуштарды саноо толук аяктай элек. Алдын ала жыйынтык боюнча азыр Байден Пенсильванияда Трампка караганда 5,5 миңден көп добуш алды. Эгер демократтардын талапкери бул штатта жеңүүчү деп табылса, анда ага шайлоочулар коллегиясынын 273 добушу тиет. АКШда президент боло турган талапкер коллегиясынын кеминде 270 добушуна ээ болушу керек. Читать дальше...
Тегерандагы белгилүү жайлардын бири «Азади» өз мунарасына 5-ноябрда ооган желегинин түсүнө боёлгон жарык берди. Ооганстандагы Кабул университетине 2-ноябрда кол салуу болуп, бери дегенде 22 адам курман болгон жана ондогон адам жаракат алган. Иран баш калаасынын мэринин орун басары Мохаммад Реза Жавади Еганех ооган элинин азасын тең бөлүшөрүн айтты. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Террорчулар Ооганстандагы жаштардын өмүрүн кыйса да, Тегеран менен Кабулдун биримдиги бизди сестентебиз дегендерге так жооп болуп саналат»... Читать дальше...
Кыргызстандын күч түзүмдөрү коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы катары бюджетке кайтарылган каражаттардын суммасын жарыялашты.
Тоолуу Карабакта атышуу токтобой, 6-ноябрга караган түнү үч жай тургун каза болгону кабарланды. АКШда бир күндө вирус 123 миң 85 кишиде аныкталды. Орусияда эмгек мигранттарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 25%га азайды.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялар үгүт иштерине 670 млн. сомго жакын каражат коротушту. Алардын ичинен «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» шайлоого эң көп акча сарптады. Айрым сайттар бийликчил деп сыпатталган партиялардын лидерлерине акча берген талапкерлер каражатын доолай баштаганын жазып чыгышты. Октябрда өткөн парламенттик шайлоо өлкөдө чуулгандуу эле эмес, эң көп акча коротуу жагынан да алдыга чыкты. Саясий жарышка катышкан 14 партиянын шайлоо фондуна 668 млн. Читать дальше...
Оппозициядагы айрым партиялар үгүт өнөктүгү адилетсиз шартта өткөндүгүн айтышууда. Коронавирус пандемиясынан улам коомдук үгүт өнөктүгүнө тыюу салынган. Анткен менен бийликтеги Демократия үчүн улуттук лиганын өкүлдөрү чектөөлөрдү сактабай, эл менен жолугуп келишкенин оппозия билдирип жатат. Азыркы өкмөт башчы Ауң Сан Су Чжи айым башында турган бийликтин партиясы мындай дооматтарды четке кагууда. Шайлоого катышуу үчүн 93 партия каттоодон өткөн. Мьянма - Түштүк-Чыгыш Азиядагы коронавирустан катуу жабыркаган мамлекет. Читать дальше...
Борбордук Америкадагы бул мамлекетте табият кырсыгы 18 адамдын өмүрүн алды. «Эта» аттуу шамал нөшөр менен коштолуп, жергиликтүү дарыялар өз нугунан чыгып кеткен. Куткаруу кызматтары дээрлик иштебей турат. Жабыркагандарды тамак-аш жана керектүү буюм-тайымдар менен кошуна райондордун тургундары камсыз кылышууда. «Эта» Борбордук Америкадагы соңку жылдардагы эң катуу шамал болуп калды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 240 чакырымды түздү. 4-ноябрда ал алгач Никарагуа мамлекетин каптаган. Жалпы аймакта 70 киши каза болду. Читать дальше...
5-6-ноябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан «2021-2026-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы» аттуу долбоор коомдук талкууга алынды. Комиссия долбоор мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыкканын маалымдады. Концепциянын максаты - мамлекеттин дүйнөбий негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдаш үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү... Читать дальше...
Прокурор Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасына бөлүмдүн прокурору болуп Баткен облусунан кайрадан Ошко 16-октябрда которулду. Бул туурасында Өмүрзаков 5-ноябрь күнү басма сөз жыйынын өткөрүп жатып айтты. Анын айтымында Ошко которулушуна үй-бүлөлүк шарты себеп болгон. «Мени которгондо (Баткен облусуна) бул жакка да Өткүрбек Жамшитов которгон. Себиби үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу «шаардагы үйүмө которгула» деп арыз жаздым. Буйрукта да «Өмүрзаковдун арызынын негизинде» деп жазылып турат», - деди ал. Читать дальше...
Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан бери туура бир ай өттү. Өлкө президенти баш болгон бийлик алмашып, парламенттик шайлоо өткөрүү ордуна Баш мыйзамды өзгөрүү жараяны башталганы турат. Соңку бир айда өткөн окуялар 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтына чыккан жарандардын мүдөөсүнө канчалык туура келет?
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Нурлан Мотуев президенттикке талапкер болууга арыз тапшырганын маалымдады. БШКнын басма сөз кызматы арыз тапшырган жарандарды расмий талапкер кылып каттоодон мурун алар текшерилерин маалымдады. 2017-жылы августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага «Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо» жана «Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Робин Киммерердин китебинин негизинде “Жер эне” музыкалык спектакли коюлду. Студенттер роль жараткан спектаклде ак менен каранын, жаман менен жакшынын, зордук-зомбулук менен боорукердиктин күрөшү, табиятты таза кармоо тууралуу ой чагылдырылган.
Жонс Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда соңку бир күндө коронавирус дагы 123 миңден ашык кишиден табылды. Оорудан 1200дөн көп бейтап көз жумду. Шаршембиде коронавирусту 100 миңге чукул адам жугузуп алганы кабарланган. 50 штаттын кеминде 19унда инфекциялангандардын бир күндүк көрсөткүчү пандемия башталгандан бери болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Ушул тушта Европа эпидемиянын экинчи толкунунан жабыркап келатат. «Ажанс Франс Пресс» агенттиги коронавирус алгач аныкталгандан бери континентте 11 миллион 600 миңдей киши инфекцияланганын жазды. Читать дальше...
Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 7-ноябрда өлкөдө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 8...13, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...4, күндүз 10...15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22, Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 16...21, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...3, күндүз 16...21, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16... Читать дальше...
6-ноябрда саат 13:38де Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда алты балл болду. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына жакын аймакта болгон. Жер титирөө Кадамжай шаарчасында, Пүлгөн, Ынтымак айылдарында - алты баллга жакын, Жийделик, Котур-Булак, Алга, Шуран, Марказ, Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Кызыл-Булак, Котормо, Тамаша, Орозбеков айылдарында, Кызыл-Кыя шаарында - беш балл... Читать дальше...
Немис полициясы Венада кол салуу уюштурган ашынган исламчы менен байланышы бар деп шек саналган төрт адамдын үйүн, кеңсесин жума күнү тинтти. Күч органдары азырынча аларга айып кое элек, алардын төрт кишини өлтүрүп, 20дан ашык адамды жаракат кылган Фейзулай Куртин менен байланышы иликтенип жатат. Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер бейшембиде парламентте маалымат берип жатып, Куртин менен байланышы бар деген шек менен 15 киши камакка алынганын билдирди. Алардын арасында буга чейин экстремизм... Читать дальше...
Орусияда транспорт министринин мурдагы орун басары Алан Лушников «Калашников» концернинин жаңы кожоюну болду. «Коммерсантъ» басылмасы ал аталган компаниянын 75% акциясына ээлик кылган «ТКХ-Инвест» компаниясын сатып алганын жазды. «Калашниковдун» калган акциялары «Ростех» мамлекеттик корпорациясынын колунда. Лушников концерндин акциясын 2018-жылы коргоо министринин орун басары болуп дайындалган Алексей Криворучкодон сатып алган. Бул тармакты ичинен билгендер Криворучко акцияны кызматынан улам сатып жибергенин айтышты. Читать дальше...
6-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен жолукту. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, элчи Дэвень эки тараптуу кызматташтыкты жогору баалап, коргонуу багытында мындан ары да эриш-аркак иш алып баруу тууралуу айтты. Генерал-майор Өмүралиев Кытай элчилигине коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда аскердик-медициналык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости