Уялчаактыктын таасири улгайгыча калбас
Балдарды балага кезинен эле ыксыз уялчаактыктан арылтуу абзел. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу таалим-тарбиянын ушул өңүтүнө арналган.
Балдарды балага кезинен эле ыксыз уялчаактыктан арылтуу абзел. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу таалим-тарбиянын ушул өңүтүнө арналган.
Кашмирдин Индиянын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө анын жарым автономиялык укугу жоюлгандан бери алгачкы шайлоо өттү.
Кашмир чөлкөмүнүн Индиянын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө 28-ноябрда, ишемби күнү, ызгааруу сууктун жана коопсуздук чараларынын шартында жергиликтүү жарандык шайлоонун алгачкы баскычы өткөрүлдү. Былтыр Индиянын премьери Нарендра Моди жетектеген индуисттердин улутчул партиясынын өкмөтү бул аймактын жарым автономиялуу макамын жоюп салган. Аймактын өзүнчө Башмыйзамы жокко чыгарылып, аймак 2019-жылдан тартып эки башка федерациялык аймакка – Жамму менен Кашмир акимдик чөлкөмүнө жана Ладакх акимдик чөлкөмүнө жиктелген болчу. Читать дальше...
Мурдагы баш прокурор, мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сот өкүмү чыкты. Улан Саляновду өлтүрүүгө айыпталган Эрмек Осмонкулов 18 жыл, эки айга, экинчи шектүү Асанэмир Абыкулов 15 жылга кесилди. Ал эми үчүнчү шектүү Заур Насруллаев тууралуу сөз болгон жок. Өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков окуду. Ага чейин мамлекеттик айыптоочу кылмышка шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Улан Саляновдун бир тууган... Читать дальше...
Factcheck.kg сайты өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев өкмөттүк милдетин убактылуу тапшырган Садыр Жапаровдун кудасы болорун аныктап чыкты. Сайт жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Акат Жапарованын күйөөсү, маркум Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы. Садыр Жапаровдун 21-октябрдагы буйругуна ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Марат Пирназаров иштен алынып, ушул эле күнү ал кызматка Турусбек Түмөнбаев дайындалган. Читать дальше...
Бишкек шаарынын четинде, Чоң-Арык айылынын жанында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу @korochekg "Телеграм" каналы кабарлап, аңтарылып кеткен транспорттун видеосун жарыялады. Анда жазылгандай, кырсык 28-ноябрдын таңында катталды. Видеодо кырсыктын күбөлөрү жабырлануучуларды автобустан чыгарып жатканы көрүнүп турат. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалыматына караганда, 2020-жылдын тогуз айында 4184 жол кырсыгы катталып... Читать дальше...
Европа Биримдигинин Брекзит жаатында сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүлү Мишель Барнье Лондонго келди. Ал 28-ноябрда Британия менен Евробиримдиктин 31-декабрдан кийинки алакаларынын тагдыры боюнча британдык сүйлөшүү жүргүзүүчү өкүл Дэвид Фростко жолугат. Барнье да, Фрост да сүйлөшүүлөрдүн майнаптуу аякташынан алдын ала күмөн санап турушат. Талкуулана турган негизги көйгөйлөрдүн арасында балык уулоо, мамлекеттик көмөк кылуу жаатындагы жана Британиянын Брекзиттеги өткөөл доору аяктаганга чейин талаш-тартыштардын... Читать дальше...
Коңшу Түштүк Кореянын тыңчылык мекемесинин маалымдашынча, Түндүк Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын коронавирус алааматынын алдын алуу далалатынын алкагында борбор шаар Пхеньянды сырткары аймактардан жаап салуу сыяктуу аргасыз чараларга барууда. Ким Чен Ын – өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин төрагасы, бийликтеги жападан жалгыз партия болгон Корея Элдик партиясынын төрагасы, “парламенттик башкарууда” деп саналган өлкөнүн иш жүзүндөгү диктатору. Анын бийлиги азыркыга чейин бул... Читать дальше...
Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк өнөктүгүнүн алкагында Бишкек шаарынын аялдамаларында зомбулукту токтотууга чакырган жарнактар илинди. БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсрандын айтымында, билдирүүлөр коомдогу социалдык нормаларды өзгөртүүгө жана зомбулуктан баш тартууга багытталган. «Коомдо терс жана позитивдүү социалдык ченемдер бар. Алар зордук-зомбулукту күчөтөт же аялдар менен кыздардын чечимин жана укуктарын алга жылдырат. Көбүнчө жасалган... Читать дальше...
2017-жылдан 2019-жылга чейин Шинжаңдагы “кайрадан тарбиялоо лагеринен” келген үч эркек тукумсуз болуп калганын айтып чыгышты. Муну алар Кытайда камакта жатканда берилген медициналык дарылардан көрүшүүдө. «БОЮНДА БОЛБОЙ ЖАТАТ» 32 жаштагы Ергали Ермек келинчеги менен Чыгыш Казакстан облусунун Бескарагай районунун Жетижар айылында жашайт. Эки жаш наристе үнүн уга элек. Келинчегинин боюнда болбойт. Алматылык дарыгердин Ергалиге берген ырастамасында анын урук безинде олуттуу өзгөрүүлөр – репродуктивдик... Читать дальше...
Кыргызстандын бир катар медиа мекемелери жана медиа ишмерлери бириккен кайрылуу таратып, журналисттер менен интернет активисттерди куугунтуктаган жосундарга байланыштуу кабатырлануусун билдирди. Медиа коомчулук «мындай иш-аракеттер өлкөдөгү альтернативдүү пикирлерди айттырбай, демократиянын өзөгүнө доо кетире турганы» белгиленет. Кайрылууда соӊку бир жыл ичинде Кыргызстандагы журналисттерге, юристтерге жана укук коргоочуларга жапырт уюштурулган зордукчул онлайн опузалар күчөгөнү айтылат. Анын ичинде... Читать дальше...
Ирандын президенти Хасан Роухани физик окумуштуу Мохсен Фахризаденин Тегерандын жанында буктурмага алынып, өлтүрүлгөнү үчүн Израилди “Кошмо Штаттардын жалданма желдети” катары өзүнүн расмий Интернет барагында 28-ноябрда айыптап жазды. Ал АКШны “дүйнөлүк текебер” деп, ал эми Израилди “ойрондогуч сионисттик режим” деп каймана атады. Ирандын өзөктүк программасынын жетекчилеринин бири, физик Мохсен Фахризаде 27-ноябрда Тегерандын жака белиндеги шаарчада өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, Фахризаде түшкөн автоунааны белгисиз адамдар аткылашкан. Читать дальше...
Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.
Кошмо Штаттардын калайыгы 26-ноябрда "Ыраазылык билдирүү" күнүн белгилешти. Бул күнү алдын-ала эскертүүгө карабастан миллиондогон кишилер жакындарын куттуктоо үчүн саякатка чыгышкандыгы жакында коронавируска чалдыккандардын жаңы толкунун пайда кылышы ыктымал деген санааркоону жаратты. Ушундай эле чочулай турган маанай Батыш Европада өкүм сүрүүдө. Мусулмандарда пайгамбар катары каралган, христиандарда кудай саналган Ыйсанын туулган күнүнө карата соода кескин жанданат, жакындардын келим-кетими көбөйөт. Читать дальше...
«Кыргызгидромет» борборунун билдиришинче, 29-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12... Читать дальше...
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Анда айтылгандай, Новиков товарлардын толук эсебин камсыз кылуу үчүн «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат тутумун түзүү керектигине токтолду. Ал муну менен аткезчиликтин алдын алуу жана ага каршы күрөш күчөйт турганын белгиледи. Бекетти кароо учурунда өкмөт башчы айрым кызматтардын ишине нааразы экенин билдирди. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекеме жетекчисинин мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдин кармалып, атайын кызматка алып келиниши жөнүндө маалымат таратты. Анда айтылгандай, Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири республикага аткезчилик... Читать дальше...
Беттеш сегиз раундга, анын бир бөлүгү эки мүнөткө ылайыкташкан. Мушкерлер шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.
Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Светлана Тихановская Польшада жайгашкан Belsat телеканалына курган маегинде АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден менен ыктымал жолугушуусу тууралуу суроого жооп берди. «Жо Байден менен жолугушууну пландап жатабыз, бизде мындай кездешүүгө чакыруу бар», - деди анда Тихановская. Өзүнүн штабы Британияда, Норвегияда жана башка өлкөлөрдө да ири жолугушууларды өткөрө турганын кабарлады. Ошол эле мезгилде бир катар басылмалар Тихановскаянын жолугушууга чакырылганы... Читать дальше...
Дания өкмөтү коронавирустун андан ары жайылтылышына жол бербөө максатында мурда шашылыш өлтүрүлүп, көмдүрүлгөн миллиондогон чарбада өндүрүлгөн норкалардын сөөктөрүн кайра каздырып, андан соң өрттөп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу өкмөт 27-ноябрда маалымдады. Ушул айдын башында премьер-министр Метте Фредериксен 17 миллионго чейинки сандагы норкаларды кырып салууга жол берген атайын буйрук чыгарган. Териси кундуздукундай жылтыраган бул жандыктардан коронавирустун мутацияга дуушарланган түрү кишиге жугуп жаткандыгы байкалган соң... Читать дальше...
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана өлкөнүн вице-премьер-министри Максат Мамыткановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Анда белгиленгендей, кездешүүдө чек ара жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланды. Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев республиканын чек ара аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Мамлекеттик... Читать дальше...
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 423 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен алты адам каза болду. Бул тууралуу 28-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Маалыматка караганда, көз жумган бейтаптын үчөө Бишкек шаарынын тургуну, Чүй, Нарын жана Ош облустарынан бирден киши кайтыш болду. Жаңы учурлардын көбү Бишкек шаарына (130) жана Чүй облусуна (102) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 11-15тен, айрымдарында 30-50дөн катталды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун тарапкерлери деп эсептелген тараптардан агрессивдүү постторго жана социалдык түйүндөрдөгү коркутууларга байланыштуу чакырыктар жөнүндө билдирме таратты. Мекеме бул жөнүндө президенттикке талапкерлигин жылдырган Бектур Асановдун сөзүн өзүнчө белгилеп, аны ашыкча эмоционалдуу деп баалаган. УКМК мындай билдирүү социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирет, коомчулукта нааразылык жаратат деп эсептейт. Читать дальше...
Ушул тапта Ташкент шаарында 2021-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиадага тандап алуу боюнча эл аралык турнир өтүп жатат.
Кыргызстандагы финансылык уюмдар 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 41,2 млрд. сом киреше таап, 2019-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырмалуу көрсөткүчтөрүн 32% көбөйтүштү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Анда айтылгандай, октябрь-ноябрь айларынын эсеби чыга элек. Маалыматка ылайык, бул Улуттук банктын, 23 коммерциялык банктын, 583 банктык эмес финансылык-насыялык уюмдардын жана 15 камсыздоо компаниялары бар. Мунун ичинен негизинен банк секторунун кирешеси арбыган. Жыл... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости