Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 21.11.2020

Каратегин: “Лакшы кабарлары” гезитинин 86 жылдык тарыхы бар

Azattyk.org 

Азыркы тапта Сары Өзөн Чүйдө байырлап жаткан жерге-талдык журналист Абдил-Ахат Курбанов менен жазуучу жана журналист Мирзохалим Каримовдун баарлашуусу Тажикстандагы Жерге-Тал өрөөнүнүн кыргыздарынын сүймөнчүктүү мезгилдик басылмасы тууралуу жүрдү.

Азербайжан президенти Орусиянын делегациясын кабыл алып, ок атышууларды токтотуу жүрүмүнө жогору баасын берди

Azattyk.org 

21-ноябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы кырдаал жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүгө Баку шаарына келген Орусиянын өкүлчүлүгүн кабыл алды. Орусиянын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгудан башка да вице-премьерлер Алексей Оверчук менен Александр Новак, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, Орусиянын саламаттык сактоо жана кардарлар укугу боюнча Федерациялык кызматынын башчысы Анна Попова да болду. Александр... Читать дальше...



Ош мэриясына иш козготкон жер чатагы

Azattyk.org 

Ош шаардык прокуратурасы «Кыргыз Текстил ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады.

Беларуска каршы чектөөнү колдогондорго Украина да кошулду

Azattyk.org 

Европа Биримдигине мүчө болбогон башка да 7 мамлекет бул Биримдиктин Беларуска каршы чектөөлөрүн колдоп чыгышты. Августтагы жыйынтыгы бурмаланган делген президенттик шайлоодон кийин жапатырмак нааразылык иш-чараларына чыккан жарандарын ырайымсыздык менен жазалоосун уланткан  расмий Минскке каршы 27 мүчө өлкөсү бар Евробиримдик бир катар чектөөлөр киргизген.  Евробиримдиктин тышкы  саясатын жетектеген Жозеп Боррел 20-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө Албания, Түндүк Македония жана Черногория сыяктуу... Читать дальше...

Жаңы долбоордо адам укуктары боюнча берене азайды

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү иштеп жаткан Баш мыйзамдын адам укуктары боюнча бөлүмүн өзгөртүүсүз калтырууну сунушташты. Алар Конституциянын жаңы долбоорунда бул бөлүм чаржайыт жазылып калганын айтышты. Долбоордун авторлору дагы эле табылбай жатканына байланыштуу мындай сындарга жооп боло элек. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Мамлекеттик конституциялык түзүлүштүн негиздери, Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери, Мамлекеттик бийликтин органдары деген үч топко бөлүнүп иштеп жатышат. Читать дальше...

Ошто УКМКга жүздөн ашуун киши чогулуп, алты милицияны бошотууну талап кылышууда

Azattyk.org 

Оштогу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) имаратынын алдына 21-ноябрь күнү жүздөн ашуун киши чогулуп, буга чейин облустук милициянын имаратында каза болгон жарандын өлүмүнө байланыштуу кармалган алты милиция кызматкерин бошотууну талап кылышууда. 26 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү катары 19-ноябрда облустук милициянын алты кызматкерин УКМК Жазык кодексинин «Кыйноо» деген 143-беренесинин негизинде кармап, тергөө абагына отургузулган. «Камчыбек Ташиевге үнүбүз жетип, акыйкат чечим чыгарып берсин деп талап коюп жатабыз. Читать дальше...



Пакистан: Лахордо катаал нукту карманган диниятчы Ризви жерге берилди

Azattyk.org 

Пакистандын Лахор шаарындагы жамаат  өлкөдө өзгөчө ашынган диний саясатты талап кылып келген диниятчы Хадим Хусейн Ризвини акыркы сапарга узатууга катышты.  Айрым байкоочулардын айтымында, 21-ноябрдагы жаназага жүз миңден ашуун киши чогулган.   Ризви мырза өлкөдөгү  ашынган оңчул диний-саясий уюм саналган «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП, «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясынын жолбашчысы болчу. Ризви Пакистандагы диний азчылыктардын топторун көп жылдардан бери коркутуп-үркүтүп, тополоңдорго шыкактап... Читать дальше...

Өлкөсүн өргө тарткан аял президенттер

Azattyk.org 

10-январга белгиленген президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирген жарандардын арасында сегиз аял бар. Президенттик жарышта аял талапкер жеңишке жете алабы? Аларды саясий күрөштө кандай тоскоолдуктар күтөт?

Якутияда жети киши антисептикке ууланып каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын курамына кирген Якутияда кол тазалоочу антисептикке ууланган жети киши жашоо менен кош айтышты. Дагы экөө комада жатат. "Интерфакс" Роспотребнадзордун жана Тергөө комититенин маалыматына таянып 21-ноябрда кабарлагандай, үч күн мурда Томтор кыштагынын тургундары беш литр антисептик сатып алып ичишкен. Кол тазалоочу каражатка уулангандардын үчөө ошол күнү, дагы төртөө эртеси көз жумган. Экспертиза көрсөткөндөй, антисептикте 69% өлүмгө дуушар кыла турган уулуу метил спирти бар. Жети кишинин... Читать дальше...

Шайлоо жыйынтыгын кайра кароону самаган Трамп дагы эки башка штаттан сокку алды

Azattyk.org 

АКШнын учурдагы президенти  Доналд Трамп шайлоо жыйынтыгын кайра кароо үчүн бар далаалатын жасап жаткан чакта, 20-ноябрда дагы эки штаттан өзү үчүн ыңгайсыз натыйжага туш болду.  Буга чейин республикачылардын "сепили" болуп келген Жоржия штаты өз аймагында демократ Жо Байден жеңгендигин тастыктады. Жоржия штатынын мамлекеттик катчысы, республикачы Брэд Раффенспергер жеке өзү Трампты толук колдой тургандыгын, бирок бул штаттагы демократ Жо Байдендин пайдасына чечилген шайлоо жыйынтыгынын сандарына баш ийээрин билдирди. Читать дальше...

Армениянын өкмөт башчысы Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери менен Тоолуу Карабактагы акыбал тууралуу сүйлөштү

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен Орусиянын арачылыгы астында жүзөгө ашырылып жаткан ок атышууларды токтотуу жүрүмүн талкуулоо үчүн жолугушту. Армян премьеринин кеңсесинен кабарлашкандай, 21-ноябрдагы бул жолугушуу маалында Пашинян соңку согуштук жаңжал маалында Орусиянын расмий колдоосун, өзгөчө орус президенти Владимир Путиндин жекече колдоосун ар дайым сезгендигин баса белгилеп айткан. Сергей... Читать дальше...

"Ата Мекен" партиясынын штабына белгисиз кишилер келип талап койгону кабарланды

Azattyk.org 

21-ноябрда түштөн кийин "Ата Мекен" партиясынын Бишкектеги штабына белгисиз кишилер келип ызы-чуу салганын партия мүчөлөрү "Азаттыкка" кабарлашты. Штабды кайтарып отурган кызматкердин айтымында, алар партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жаңы сунушталып жатканы Конституциянын долбоорунун авторлорун "Азаттыктын" эфиринде сындаганы үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.  Алар 15 мүнөттөй кыйкырып туруп, тарап кетишкен.  Штаб кызматкери "Фейсбукка" чыгарган видеодо айнек эшиктин сыртында бир канча адам турганын көрүүгө болот. Читать дальше...

Акун: Жаңы долбоордо адам укуктары чаржайыт жазылган

Azattyk.org 

Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Баш мыйзамдын адам укуктары боюнча беренелерин өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады. Мындай пикирин ал 21-ноябрда сөз болуп жаткан секциянын жыйынында айтты. Ушундай эле пикирди көз карандысыз эксперт Гүлмира Маматкеримова да билдирип, жаңы долбоордун авторлору адам укуктарына байланыштуу беренелер эмнеге таянып, кандай негизде өзгөртүлгөнүн түшүндүрүп бериши керектигин талап кылды. Читать дальше...

Доллардын наркын кармоо үчүн Улуттук банк апта бою интервенция жасады

Azattyk.org 

Улуттук банк АКШ долларынын кымбатташынын алдын алуу үчүн 16-ноябрдан бери күн сайын интервенция жасоодо. Беш күн аралыгында валюта базарына 30,2 миллион доллар сатты. Доллардын кыргыз сомуна катышы октябрда кескин жогорулап, 1 доллардын баасы 79 сомдон дээрлик 85 сомго жетти. Улуттук банк ушул наркты кармап турууга аракет жасоодо. 2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда доллардын баасы дээрлик 20% кымбаттады. Январда 1 доллар 69,5 сомго барабар эле. Апрелде коронавирустун фонунда 84 сомго чейин чыгып, кийин 73 сомго чейин төмөндөгөн. Читать дальше...

Ооганстандын борборунда бери дегенде үч киши ракета чабуулунан набыт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын полициясынын маалымдашынча, 21-ноябрдын таңкы кымгуут саатында Кабулдагы турак жайларга ракета чабуулу болуп, бери дегенде үч киши өлүп, ондогон кишилер жаракат алышты. Бул окуя АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Катарда талиптер менен ооган бийлигинин тынчтык сүйлөшүү жүргүзүү топтору менен жолугуша турганы белгиленген учурдан бир нече саат мурда орун алды. Бул жолугушуу Ооганстанда урушуп жаткан тараптардын токтоп калган тынчтык жүрүмүн кайра жандандыруу максатын көздөп жаткан. Читать дальше...

Жалал-Абадда мэр шайлоо 3-декабрга белгиленди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад шаарынын мэрин кайрадан шайлоо күнүн 3-декабрга белгиледи. Мэр шайлоо 17-ноябрда өтмөк. Бирок калаа башчылыгына жалгыз талапкер болгон Эрнисбек Ормоков ат салышуудан баш тартып койгон. Ормоков быйыл 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан. Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев октябрь айындагы саясий окуялардын фонунда кызматтан кеткен. Читать дальше...


Музыкальные новости
Раймонд Паулс

Радио Romantika – партнер концерта «Великие хиты Раймонда Паулса»





Rss.plus
30

Яндекс Погода выяснила, как за последние 30 лет изменились майские заморозки




Ветеранов Солнечногорска поздравили с Днем Победы

Журналист Боуз: опрометчивая кампания Запада только укрепила российскую нацию

Россияне считают себя средним классом, уровень жизни в России быстро растёт

Ключевая ставка останется высокой, но может начать снижаться до 6-7% к 2027 году




АКШда дагы бир өлүм жазасы ишке ашырылды

Azattyk.org 

АКШнын Индиана штатында 49 жаштагы Орландо Холлго өлүм жазасы чегерилди. Бул тууралуу 20-ноябрда АКШнын Юстиция министрлигине таянып “Франс Пресс” агенттиги жазды. Холл бейшемби күнү кечинде, АКШнын Жогорку соту аны кечирүү тууралуу өтүнүчүн четке каккандан кийин өлүм жазасына тартылган деп маалымдады Француз эл аралык радиосу. Орландо Холл 1995-жылы 16 жаштагы Лиза Ренени уурдоого, зордуктоого жана өлтүрүүгө айыпталган. Бул АКШда акыркы төрт айдагы сегизинчи өлүм жазасы. Июль айында өлкөнүн... Читать дальше...

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.  Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот.  Батыштан жел согуп, кээде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот. Абанын температурасы: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -7....-12, күндүз -2...+3, Нарын дубанында түнкүсүн -13...-18... Читать дальше...

Аракеттеги Конституциянын адам укуктары боюнча бөлүмүн өзгөртүүсүз калтыруу сунушталды

Azattyk.org 

Мындай сунушту Кыргызстанда жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун берди. Ал Баш мыйзамдын жаңы долбооруна колдонуудагы Конституциянын бардык беренелерин өзгөртүүсүз эле киргизиш керек экенин айтты. Бул тууралуу ал адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча топтун 21-ноябрда өткөн жыйынында билдирди. «Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда адам укуктары боюнча 16-беренеден 49-беренеге чейин жазылган. Читать дальше...

Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды, 447 кишиден жаңы аныкталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 21-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Вирус 447 кишиге жаңы жугуп, мурдагы ооруп калгандардын арасынан соңку бир күндө 505 киши сакайды.  Кыргызстанда коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1227 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 69149 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 60 294 . Читать дальше...

Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 10200дөн ашты

Azattyk.org 

2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер. Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон. Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына караганда, ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт. Жугуу жолдорунун көрсөткүчтөрү төмөнкүчө: Жыныстык жол менен (гетеросексуалдык катыш) - 46%; Жыныстык жол менен (гомосексуалдык катыш) - 3%; Парентералдык жол... Читать дальше...

Курултай – Азиядагы авторитаризмдин куралы

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбооруна Элдик курултай түшүнүгү киргизилди. Бул маселе эмне үчүн коомчулукта эки ача пикирди жаратып келет? Азиядагы үч өлкө элдик жыйындардан эмне пайда-зыян тапкан?  “Аскар-тообузга даңк!”, “Коргоочубузга (Аркадаг) таазим!” 2018-жылдын сентябрь айында Ашхабаддын көз жоосун алган “Рухыет” хан сарайындагы курултайга чогулган делегаттар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду дал ушинтип даңазалашкан. Сакалын сылаган карыялар да, улуттук кийимчен улан-кыздар да... Читать дальше...



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джастин Бибер

Когда она родит ребенка Джастину Биберу?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


Андрей Рублёв

В России назвали подвигом победу Рублева на "Мастерсе" из-за болезни



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Лукашенко высоко оценил организацию парада Победы в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России