Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Новости за 24.11.2020

Баш мыйзамдын долбоору боюнча тил адистеринин тобу түзүлдү

Azattyk.org 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүш үчүн атайын топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов 24-ноябрда кол койду. Лингвистикалык эксперттик топтун курамы менен бул жакты басып таанышыңыз. 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып... Читать дальше...

Кытай элчиси Кыргызстандагы кытайлык ишкерлердин укуктарынын сакталышына көңүл бурду

Azattyk.org 

Кытайдын Кыргызстандыгы элчиси Ду Дэвень быйылкы октябрдагы Бишкектеги саясий окуялардан улам Кытай өкмөтү өз ишкерлеринин  жана ишканаларынын Кыргызстан аймагындагы кызыкчылыктарына жана укуктарынын сакталышына өзгөчө көңул бурат деди. Бул тууралуу элчи айым 24-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган жыйында билдирди. Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Руслан Казакбаевдин демилгеси менен Бишкекте өлкөдөгү кытай ишкерлери катышкан жыйын өттү. Анда эки тараптын бардык багыттагы кызматташтыгы талкууланды. Читать дальше...

Беларус бийлиги оппозициячыл банкир Бабариконун ишин тергеп бүттү

Azattyk.org 

Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгы «Белгазпромбанктын» топ-менежерлерине карата кылмыш ишин тергеп бүттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын расмий сайтында кабарланды. Банктын башкармалыгынын мурдагы башчысы, Беларустун президенттигине талапкер болуш үчүн аракет кылган Виктор Бабарико «кылмыштуу ишмердиктин уюштуруучусу» катары көрсөтүлгөн. Оппозициячыл саясатчы пара алган жана кылмыштуу жол менен табылган өтө көп каражатты адалдаган деп айыпталууда. Мындай Бабариконун... Читать дальше...



Некролог: Шабданбек Кулуев кыргыздын руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон

Azattyk.org 

Шабданбек Кулуев кыргыз улуттук маданиятын, билим берүү тармагын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошту. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов баштаган жетекчилердин жана илим, билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди. Некрологдо кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учураганы айтылды. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири... Читать дальше...

Бишкекте пандемиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы конференция өтөт

Azattyk.org 

25-ноябрда Бишкекте пандемиядагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган конференция өтөт. Иш-чара "Covid-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жетишкендиктер жана  сабактар" деген темада болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Ошондой эле жыйында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган уюмдардын алты айлык долбоорунун натыйжасы талкууга алынат. Иш-чарага эксперттер, мамлекеттик... Читать дальше...

«Спутник V» вакцинасы 95% натыйжа көрсөткөнү кабарланды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасынын натыйжалуулугу 95% түзгөнү жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Түз инвестициялар фонду тараткан маалыматта айтылат. «Ыктыярчыларга вакцинаны сайгандан 42 күн өткөндөн кийинки жыйынтыгы боюнча, вакцинанын натыйжалуулугу 95% көрсөттү», деп айтылат анда. Буга чейин 95% натыйжаны СOVID-19 вирусуна каршы даярдалган атаандаш эки вакцина көрсөткөнү маалымдалган. Алар америкалык «Pfizer» менен германиялык «BioNTech» компаниялары бирге даярдаган жана... Читать дальше...

Президенттик шайлоо: Орусияда он эки добушкана ачылат

Azattyk.org 

2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоого байланыштуу Орусиядагы кыргызстандык жарандар үчүн он эки шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. БШК Орусиядагы жарандарды tizme.gov.kg сайты аркылуу өз тизмесин тактап алууга чакырат. Тизме жана добуш берүү боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине,  консулдуктарга кайрылууга болот. 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, анын он үчү ар кандай себептер менен  жарыштан чыкты. Читать дальше...

АКШ элчилиги колдогон долбоор жаштарга IT адистигин акысыз окутат

Azattyk.org 

"Креативдүү кесиптер академиясы" долбоору Кыргызстандын  Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында байырлап жаткан үч жүздөй жумушсуз жана майып жаштарды онлайн ыкмада акысыз окутат. Бул "Креативдүү кесиптер академиясы" ("The Academy of Creative Professions") деп аталган билим берүү долбоорунун ишмердигин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте “Fund Sun People” коомдук фонду колдоого алууда. Долбоорго катышуучулар үчүн үч айлык виртуалдык курстар өткөрүлөт жана аларда графикалык дизайн... Читать дальше...



Кыргызстандык активист BBCнин «Жылдын 100 айымы» тизмесине кирди

Azattyk.org 

BBC дүйнөлүк кызматы 2020-жылдагы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмесин жарыялады. Бул тизмеге кыргызстандык Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист Гүлназ Жүзбаева да кирди. Ал өкмөттүк документтердин Брайл шрифине өткөрүүгө тынымсыз аракет кылып, көзү азиздердин социалдык адаптациясы боюнча программаны ишке ашырганы үчүн тизмеге кошулган. «Кыргызстанда 5000ден ашык адам көзү азиз адам бар. Алардын көпчүлүгү өздөрү үчүн маанилүү мамлекеттик документтер менен тааныша албайт. Көзү... Читать дальше...

Казак кайрылмандары Кытайдан чочулашат

Azattyk.org 

Тоолуу Карабакта миналардан тазалоо, соңку жаңжалда каза болгондордун сөөктөрүн издөө иштери жүрүп жатат. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бийликти өткөрүп берүү жараянын расмий баштоого уруксат берди. Быйыл Казакстанга кайтып келген этникалык казактардын саны азайды.

Армениянын экономика министри кызматтан кетти

Azattyk.org 

Армениянын экономика министри Тигран Хачатрян кызматтан кетти. Министр мындай чечимди Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлган соң өкмөткө карата сын-пикир күчөгөн кезде кабыл алды. Министр Хачатряндын басма сөз катчысы «Азаттыктын» армян кызматына маалыматты ырастап, анын себептерин ачык айткан жок. Буга чейин Армениянын тышкы иштер министри жана коргоо министри өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. Ал эми премьер-министр Никол Пашинян оппозициянын кызматтан кетүү тууралуу талабын четке кагып келет. Читать дальше...

Президенттик шайлоо, талапкерлердин нааразылыгы

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканын айтып, маалымат жыйын өткөрүштү. Басма сөз жыйынга 10-январдагы шайлоодо ат салыша турганын билдиргендердин ичинен Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Бакытбек Жумагулов жана Кубанычбек Токтосунов катышты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз шайлоого катышуу үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр... Читать дальше...

Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун атынан жардам таратылып жатканы кеп болгон видеону териштирүүдө

Azattyk.org 

Башкы прокуратура социалдык тармактарда «белгисиз кишилер «Хюндай-Портер» машинеси менен президенттикке талапкер болуш үчүн кызматын тапшырган өкмөт башчы Садыр Жапаровдун айтынан азык-түлүк таратып жатат» деген видео боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын сайтында жазылды. Маалыматка ылайык, ал тасмадагы автоунаа Ноокаттын Чеч-Дөбө айылынын тургунуна тиешелүү экендиги аныкталды. Окуя боюнча топтолгон материалдар 21-ноябрда Бишкек шаардык милициясында Жазык кодексинин 192-берене... Читать дальше...

Орусия: Марий Эл Республикасынын мурунку башчысын 17 жылга кесүү сунушталды

Azattyk.org 

Орус прокуратурасы Марий Эл Республикасынын мурдагы башчысы Леонид Маркеловду 17 жылга кесүүнү суранды. Маркеловдун үстүнөн соттук жараян Нижний Новгород сотунда өтүп жатат. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Меркеловдун катаал режимдеги абакта жазасын өтөшүн сурады. Анын менен бирге айыпталып жаткан «12 Регион» телеканалынын мурдагы жетекчиси Наталья Кожанованы 10 жылга жана аймактын мурдагы айыл чарба министри Ираиде Долгушеваны 4,5 жылга кесүү тууралуу өтүнүч келтирилди. Марий Эл Республикасынын башчысы 2017-жылы камакка алынган. Читать дальше...

Караколдо жаштарга жаккан китепкана ачылды

Azattyk.org 

Каракол шаарында ишкерлердин демилгеси менен өзгөчө китепкана ачылды. Дүйнөлүк бестселлерлер топтолгон, ысык чай жана кофеси бар бул китепкана жергиликтүүлөрдү кызыктырууда. Бул жерге соңку күндөрү шаардын жаш тургундары келип жатканын кабарчыбыз Кундуз Сырдыбаева баяндайт.

УКМК президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Дыйканбаевди кармады

Azattyk.org 

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Атайын кызмат тараткан тергөөнүн маалыматына ылайык, Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо өнөктүгүнүн убагында кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып... Читать дальше...

Сот Текебаевди мандаттан ажыратты

Azattyk.org 

Бишкектин административдик соту 23-ноябрда Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 15-октябрындагы токтомун мыйзамсыз деп тапты. Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген негиз келтирген. Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева соттун чечими тууралуу мындай маалымат берди: «Шайлоо мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүндө депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда... Читать дальше...

Башкы прокуратура Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусу боюнча БШКга материал жөнөттү

Azattyk.org 

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү жөнүндө материалды караш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды. «Тасмада Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.К.Мадумаровдун Москва шаарындагы эмгек мигранттары менен жолугушуу өткөрүп, үгүттөө иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу материал Борбордук шайлоо комиссиясына караштуулугу боюнча жиберилген»... Читать дальше...


Музыкальные новости
Бато Багдаев

Театр и дети, Культура и Россия: Об артисте госцирка Бурятии Саяне Дондокове





Rss.plus
Игорь Маковский

Игорь Маковский: оперативный Штаб «Россети Центр» осуществляет усиленный контроль за работой электросетевого комплекса 




Водитель, который управлял упавшим в реку в Санкт-Петербурге автобусом с пассажирами, ранее жил в Оренбурге

Историческая реконструкция боев прошла в Дмитровском округе

На москвича взяли крупный кредит под видом покупки его машины

Лучшие фильмы Международного фестиваля правильного кино назвали в Музее Победы




Өкмөттүн реформасы кантип ишке ашат?

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 6-ноябрдагы №551 токтому менен мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, алардын ишин оптималдаштырууну, артынан мамлекеттик кызматкерлерди конкурстук негизде кайра тандап алууну пландап жатат. Буга чейинки өкмөттөр дагы оптималдаштыруу идеясын көтөрүп, бирок иш жүзүндө өзгөрүүлөр дээрлик болгон эмес. Бул жолку демилгенин артыкчылыгы эмнеде? Студиянын коноктору - өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев, саясат таануучу Эмилбек Жороев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жана жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиеава.

«Фейктерди токтотуунун жолун издеп жатабыз»

Azattyk.org 

Акыркы күндөрү саясатчыларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын социалдык тармактар аркылуу ар кандай мүнөздө коркутуп-үркүткөндөр көп болуп жатат. Бул абал боюнча акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Депутат Акаев бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюуну сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруунун зарылчылыгын белгиледи. Ал мындай пикирин 24-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Депутат бүгүнкү күнү өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө муктаждык жок экенин белгилеп, президенттин иш башкармалыгын да азайтууну сунуш кылды: «Президенттин иш башкармалыгынын бюджети 1 млрд. сомдон ашат. Президенттин аймактардагы резиденциялары максатсыз пайдаланылып же иштебей турат. Бир да президент ал резиденцияга барып... Читать дальше...

УКМК: Кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахметов тергөө бүткүчө камакта болот

Azattyk.org 

Кылмыш дүйнөсүндө «Чач» деген каймана аты менен таанымал, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедов тергөө иштери аяктаганга чейинки мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 22-ноябрда чыгарганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 24-ноябрда кабарлады. Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедов 20-ноябрда кармалган. УКМК учурда анын кылмыш иштерине катышын иликтеп жатат. УКМК октябрь-ноябрь айларында... Читать дальше...

Сот Текебаевге кайтарылып берилген мандатты жокко чыгарган чечимин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын административдик соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге мандатты кайтаруу тууралуу чечимди эмне себептен жараксыз деп тапканын түшүндүрдү. Мекеме 24-ноябрда тараткан маалыматка караганда, мыйзамда депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып кетсе анын мандаты тизме боюнча өзүнөн кийинки талапкерге берилери жазылган жана Текебаевге мандат берүүдө ушул норма бузулган. Административдик соттун пикиринде, Боршайком Текебаевге депутаттык укукту кайтарып... Читать дальше...



Москва

Вступить в закрытый клуб и изменить свою жизнь


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Количество креативных кластеров в Москве за 5 лет выросло почти вдвое



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России