Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 09.04.2021

Айзаданын өлүмү: Кандуу окуянын сүрөтүн тараткандар изделүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жана кылмышка шектүү Замирбек Теңизбаевдин сөөктөрү табылган учурда тартылган сүрөттөрдү Интернетке тараткандар изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында,  сүрөт кандай жол менен тарап кеткенин ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштире баштады.  27 жаштагы Айзада Канатбекованы өлтүргөн соң өз жанын кыйган деп айтылып жаткан кишинин сөөгү табылгандан кийин... Читать дальше...

Өнөр адамдары: Ала качуу романтика эмес

Azattyk.org 

Ала качуунун дагы бир курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү коомчулукту дүрбөлөңгө салып, нааразычылык жаратууда. Мындай учурда маданият өкүлдөрү кандай иш-аракеттерди жасап, бул жаман адатты токтотууга кандай салым кошо алат? Кыргызстанда айрым тасма же клиптерде ала качууну романтикалык маанайда берген, үй-бүлөлүк зомбулукту ачык көрсөткөн кадрлар жок эмес. Соңку жылдары бул көрүнүш адам укугун коргогон активисттер арасында сындалып келет. Эгемендик жылдарында тартылган “Боз салкын” көркөм тасмасында да ала качуу окуясы камтылган. Читать дальше...

Айзаданын окуясы: машине талаада бир топ убакыт токтоп турган

Azattyk.org 

Айзада Канатбекова менен аны өлтүрүүгө шектелип жаткан Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн биринчи көргөн чабан "Азаттыкка" окуя тууралуу көргөн-билгенин айтып берди. Ага ылайык, кызыл түстүү жеңил унаа эч ким барбаган ээн талаада бир канча убакыт токтоп турган: "Ал жер эки айылдын ортосу. Мал жайып мага окшогондор эле барбаса, оңой менен киши баспайт. Бир күн мурда жаан жааган. Бир топ убакыт ал жердеги кызыл түстүүү машине жылбай тургандыктан, барып карадым. Алгач мага ичиндегилер уктап жаткандай сезилген. Читать дальше...



COVID-19: Бразилияда оорудан көз жумгандардын антирекорду катталды

Azattyk.org 

Дүйнөдө 8-апрелде коронавирустан өлгөндөрдүн санына карап Бразилия биринчи орунга чыкты. Өлкөдө соңку бир күндө илдеттен 4249 бейтап ажал тапты. Бул көрсөткүч менен Бразилия 20-январда АКШда катталган суткалык рекордго жакындады. Анда Кошмо Штаттарында ошондо бул оорудан бир күндө 4405 киши көз жумган эле.  Бразилиядагы COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 13 миллион 200 миңден ашты. Жалпысынан пандемия башталгандан бери 350 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.  Өлкөдө оорукналар толуп калды... Читать дальше...

Эмомали Рахмон Ворухту алмашуу ыктымалдыгын четке какты

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-апрелде Ворух анклавына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. "Азаттыктын" тажик кызматы анда Рахмон Ворухтан улам ар кыл маалыматтар чыгып жатканын белгилеп, чек ара маселелерин чечүүгө убакыт керек деп айтканын жазды. “Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты... Читать дальше...

Иран Түштүк Кореянын мунай танкерин бошотту

Azattyk.org 

Тегеран мындан үч ай мурун Түштүк Кореянын мунай ташыган танкерин кармап, камакка алган болчу. Анын бул аракети АКШнын санкцияларынан улам Түштүк Кореядагы анын 7 миллиард доллар акчасы бөгөттөлгөнү менен байланыштырылган. Расмий маалыматка ылайык, Hankuk Chemi кемеси Бендер-Абастан алып эмес Ирандын портунан деңизге жол тартты.  Кара май ташыган танкер камалгандан кийин андагы экипаждын 12 мүчөсү тең бошотулганы, бирок алар кемени таштап кеткен эмес.  Быйыл 4-январда Иран Ислам революциясынын... Читать дальше...

Кармышаков: Маянаны көтөрүүгө каражат табылды

Azattyk.org 

Экономика жана финансы министрлиги медкызматкерлердин эмгек-акысын көтөрүү үчүн кошумча 1 миллиард 131 миллион сом таап, жумшай турган болууда. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков 9-апрелде брифингде билдирди. Анын айтымында, 1-апрелден тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы эки эсеге жогорулады. 1-июлдан тартып саламаттык сактоо тармагында иштегендердин баарынын айлыгы 50% көбөйтүлөт. Министр кошумча каражаттын булагын тактаган жок.  Үй-бүлөлүк дарыгерлер... Читать дальше...

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук, пандемия тууралуу сунуш даярдайт

Azattyk.org 

"Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук бирикмеси укук коргоо жана коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюу  багынтында мамлекеттик органдарга берилүүчү сунуштар топтомун иштеп чыкканы жатат. Буга байланыштуу уюм эксперттер тобун түзүү үчүн тендер жарыялады.  Тендерге кызыкдар эксперттер, эксперттер тобу, уюмдар жана журналисттер катыша алышат. "Бир дүйнө - Кыргызстандын" координатору Аида Байжуманова "Азаттыкка" тендерге катышууну каалагандар балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде... Читать дальше...



Махмудов, Шаршенбеков жана Жусупбеков Олимп оюндарына барат

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков Жапониядагы жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Алар бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) олимпиадага жолдомо берүүчү Азиялык мелдештин финалына чыгып, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Азиялык мелдештин алгачкы күнүндө грек-рим күрөшүнүн балбандары килемге чыгып,  кыргызстандык беш балбан күч сынашты. 60 килограммга... Читать дальше...

Орусия менен Батыштын тирешинен рубль арзандады

Azattyk.org 

Москванын саясий жана дипломатиялык көйгөйлөрү күчөгөн шартта Орусиянын валютасы долларга карата күчүн жоготту. Борбордук банк акча-насыя саясатын катаалдатканга карабай, рубль мындан беш ай мурдагы минимумга түштү.  Ага ылайык, бир АКШ доллары 77, 11 рублден ашты. Ал эми бир евронун наркы 91 рублден жогорку чекте сатылууда. Орусиянын өнөктөштөрүнүн валюталарынын дагы куну түшө баштады. Маселен Казакстанда бир АКШ доллары 433 теңгеге чыкты. Аталган өлкөнүн Улуттук банкы теңгенин арзандаганын рублдин... Читать дальше...

Референдум: 183 эл аралык байкоочу каттоодон өттү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого  карата 31 мамлекеттен 183 байкоочуну каттады.  Мындан тышкары Өзбекстан, Улуу Британия, Казакстан,  Беларус, Германия, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, «32 тобу», Европа, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши баштаган уюмдардын өкүлдөрү аккредитация алышты.   Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өлкөдөгү 448 кеңештин,... Читать дальше...

Күбө: Айзаданы уурдашканы тууралуу милицияга 7:21де маалымат бергем

Azattyk.org 

Айзада Канатбекованы автоунаага күчтөп салып жатканын байкап калып, милицияга маалымат берген күбө "Азаттык" радиосу менен байланышты. Аты-жөнүн атагысы келбеген күбө окуя болуп жаткан кезде жөө адамды өткөрүп жиберүү үчүн токтоп турган: "Чынында мен кыз экенин деле түшүнгөн эмесмин, себеби мен зебрадан өтүп бараткан адамды карап, ошону күтүп тургам. Бир нерсе болуп жатканын түшүнүп, унаамды токтоткончо, алар мени кыйгап өтүп, катуу жүрүп кетишти. Мага кишинин буту эшиктин сыртына чыгып калгандай көрүндү. Читать дальше...

АКШ Украинага аскер кемелерин жибериши мүмкүн

Azattyk.org 

АКШ Украинаны колдоо үчүн Кара деңизге кошумча аскер кемелерин жибериши мүмкүн экенин CNN телеканалы өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берип, кабарлады. Пентагондун өкүлү телеканалга курган маегинде АКШнын аскер-деңиз флоту Кара деңизге эбак эле киргенин тактады. Анын айтымында, деңизге кошумча аскер кемелерин киргизүү Орусия үчүн АКШ Украинанын чыгышындагы чыңалууга кылдат байкоо салып турганынан кабар берген өзгөчө белги. CNN телеканалы конвенцияга ылайык, Вашингтон аскер кемелерин Босфор... Читать дальше...

«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринин иши талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов бүгүн, 9-апрелде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушууда өкмөт башчы кытай өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасын бергени үчүн президенттин ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы тууралуу талкуулап, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча да сүйлөштү. Кыргызстандын... Читать дальше...

COVID-19: Ооруканада жана үйдөн дарылангандар кыйла көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандан кийин ооруканаларда жана үй шартында дарыланып жаткандардын саны акыркы апталарда бир топ көбөйгөнү байкалды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 9-апрелдеги маалыматына караганда, ушу тапта стационарда 766 бейтап оору менен алышып жатат. Алардын 28инин абалы өтө оор, 169 бейтаптын абалы оор,  562 кишиники орто оордукта деп бааланууда. Ал эми үй шартында дарылангандардын (амбулатордук) саны 849га жетти.   Мартта бул көрсөткүч күн сайын 400-500дүн тегерегинде болчу. Читать дальше...

Талаштан башы чыкпаган чек ара чыры чечилүүгө тийиш

Azattyk.org 

Орток тарыхый мураска жана баалуулуктарга ширелишкен коңшулар - Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан - чек ара жаатындагы өз ара көйгөйлөрүн тынч жол менен иштиктүү чечиши зарыл. Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бул жаатта расмий Бишкектин соңку кадамдары кубаттоого арзыйт, деп эсептейт.

Тажик президенти Ворух анклавына келди

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавы Ворухка келди. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, президент Рахмон стадион менен маданий борбордун ачылышында болуп, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты. 9-апрелде түштөн кийин ал ворухтук тургундар менен жолугушту. "Азаттыктын" тажик кызматы анда Рахмон Ворухтан улам ар кыл маалыматтар чыгып жатканын белгилеп, чек ара маселелерин чечүүгө убакыт керек деп айтканын жазды. Читать дальше...

IRI: Соңку окуялар саясатчылардын рейтингин өзгөрттү

Azattyk.org 

Эл аралык республикалык институттун жаңы изилдөөсү кыргызстандыктарды эң көп кайсы маселелер ойлондура турганын, соңку айларда саясий партиялар менен саясатчылардын кадыр-баркы кандай өзгөргөнүн көрсөттү. 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзүлгөн сурамжылоо тууралуу баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Димитар Стойков “Азаттыкка” маек курду. - Жакында Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандагы жаңы улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Градский

«КП»: Могила Градского на кладбище находится в заброшенном состоянии





Rss.plus
#123ru.net

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»




В Подмосковье рассказали о перспективах сотрудничества с Узбекистаном

Ректор РГГУ отказался переименовывать школу Ильина

«Известия»: Жена замглавы Генштаба Шамарина считает, что его подставили

Соревнования кинологических поисково-спасательных расчетов прошли в ТиНАО




Эмомали Рахмон Ворухка келди

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавы Ворухка келди. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, президент Рахмон стадион менен маданий борбордун ачылышында болуп, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты. 9-апрелде түштөн кийин ал ворухтук тургундар менен жолугушуп, сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон курамына Ворух да кирген Согди облусунда 7-апрелден бери жумушчу сапар менен жүрөт. Читать дальше...

Жапаров: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда айлык 100% көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун  кызматкерлеринин эмгек акылары  1-апрелден баштап 100% көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы расмий баракчасы аркылуу маалымат таратты.  Анда  президент  күн өткөн сайын оорлошуп жаткан жашоо-турмушту жеңилдетүү үчүн айлык, пенсия, жөлөк пулду жогорулатуу керектигин айткан.  Азыр эмгек акыларды көбөйтүү үчүн аракет жасалып жатканын белгилеп, буга үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда иштегендердин айлыктары көтөрүлгөнүн мисал келтирген. Читать дальше...

Конституциянын жаңы долбоорун окудуңузбу?

Azattyk.org 

11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен катар Конституциянын жаңы редакциясы референдумга чыгарылат. 98 адамдан турган Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордо президенттин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилген. Эгер референдумда жаңы долбоор кабыл алынса, 2010-жылы апрель революциясынан кийин парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандаган Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы кирет. Кыргызстандыктар Конституциянын жаңы долбоору менен канчалык тааныш?

Баш мыйзам: шайлоо алдындагы үмүт жана сын

Azattyk.org 

11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен катар Конституциянын жаңы редакциясы референдумга чыгарылат. 98 адамдан турган Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Эгер референдумда жаңы долбоор кабыл алынса, 2010-жылы апрель революциясынан кийин парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандаган Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы кирет. Кыргызстандыктар Конституциянын жаңы долбоору менен канчалык тааныш? Сунушталган... Читать дальше...



Москва

С чего начинается любое заболевание?


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Лазарев

Сергей Лазарев представил эротический перфоманс на нижегородском концерте




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге назвала главные стимулы россиян для систематических занятий физкультурой и спортом

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии спорта в селах Чукотки


Рафаэль Надаль

Рафаэлю Надалю подмигнул слепой жребий // Первым соперником 14-кратного чемпиона будет четвертая ракетка мира Александр Зверев



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Творческие способы использования мозаики из стекла в садовом дизайне



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России