Президент Садыр Жапаров Никол Пашинян менен жолукту
Чолпон-Атада өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында бүгүн, 19-августта президент Садыр Жапаров Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгиледи. Илим-техникалык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланышты чыңдоого багытталган өкмөттөр аралык кеңешмени тез арада өткөрүү зарылдыгын билдирди. Читать дальше...