ДССУ «омикрон« ооруканаларга күч келтирерин эскертти
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун «омикрон» варианты ооруканаларга күч келтирип, маселе жаратышы мүмкүн деп эскертти. Буга чейинки изилдөөлөр жаңы штамм жеңилирээк экенин көргөзгөнү менен, ушу тапта бир топ өлкөлөрдө «омикрон» менен «дельтага» чалдыккандар рекорддук чекке жетип жатат. Кытай жана Европанын айрым жерлеринде чектөөлөр киргизилүүдө. 24-декабардан бери 12 миңге чукул авиа каттам аткарылбай калды. Крисмасс майрамдарынан кийин инфекциялангандар АКШ, Франция, Италия, Португалия, Британияда өзгөчө көбөйдү. Читать дальше...