Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны өтөт
12-январда Брюсселде НАТОго мүчө 30 мамлекеттин жана Орусиянын өкүлдөрү чогулуп, Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча талкуу өткөрүшөт. Буга чейин Женевада өткөн Орусия менен АКШнын дипломаттарынын жолугушуусунан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Орус делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин жетектеп барат. Москва украин чек арасына жакын аймакка жүз миңдей аскерин жайгаштырган. Бул Батыштын жана Киевдин кооптонуусун жаратып жатат. Читать дальше...