Европарламент Казакстанды акцияга чыккандарды “террорчу” деп атоодон карманууга чакырды
Европа парламенти 20-январда Казакстандагы окуялар боюнча резолюцияны кабыл алды. Добуш берген 600дөй депутаттын 500дөн ашыгы документти колдоп добуш берди. Резолюцияда Казакстандын бийлигин жарандарга жана коомдук уюмдарга саясий куугунтукту токтотууну, кармалгандарды бошотууну, тынчтык митингдерге тоскоол болбоону, негизсиз камоолорго жана кыйноолорго чекит коюуну чакырган 27 пункт бар. Европарламент казак бийлигин нааразылыктарды күч колдонуу жана зомбулук менен басып, акциянын катышуучуларына... Читать дальше...