Өкмөт акыркы кырдаалга байланыштуу базарларда рейд уюштурат
![Өкмөт акыркы кырдаалга байланыштуу базарларда рейд уюштурат](https://gdb.rferl.org/0471DE55-0764-4403-B284-D20836FF93C4_cx0_cy58_cw0_w800_h450.jpg)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жана Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүп жибергендерге каршы рейд уюштурат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Антимонополия агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабиров билдирди.
«Базарларда ун саткандар 14-мартта бааны негизсиз көтөрүп жиберишкен. Биз Финансы полициясы менен чогуу рейддерге чыгып, чайкоочулук кылып, бааны мыйзамсыз көтөргөндөргө чара көрүүнү карап жатабыз», - деди Сабиров.
Маалымат боюнча, өкмөттүн токтому менен социалдык маанилүү делген 14 товардын тизмеси бекитилген. Анын ичинен 11и азык-түлүк. Ага ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз сыяктуу эл эң көп керектеген товарлар кирет.
Сабиров кумшекер, күрүч 2-3 сомго, ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди. Бирок коомчулукта сөз болуп жаткан азык-түлүккө болгон баа мындан да көп кошулганы айтылып жатат.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарап жатат. Базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөнү байкалды.
Кыргыз өкмөтү азык-түлүктү массалык түрдө сатып алуу болуп, ага суроо-талаптын өскөнүн кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөндөрдүн аракети катары баалады. Өкмөт «Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн» деген сөздөр чындыкка дал келбесин билдирди. (BTo)