Бөрүбашев: Конституциялык кеңешме ишин 15-20 күндө жыйынтыктайт
![Бөрүбашев: Конституциялык кеңешме ишин 15-20 күндө жыйынтыктайт](https://gdb.rferl.org/6FBDCA95-F45A-4639-AA07-E41F3F4E2376_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpg)
Конституциялык кеңешменин иши 15-20 күндө жыйынтыкталып калат. Бул тууралуу 20-ноябрда кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.
Ал Баш мыйзамдын жаңы долбоору кыска аралыкта иштелип чыкканы тууралуу сын негизсиз деп эсептейт:
“Контингенттин даярдыгы жакшы. Окумуштуулар көп, депутаттар бар, аксакалдар активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Бул иштелип чыккан мыйзам. Биз аны дагы жакшыртабыз. 5-10 күндө жаза койду деп жашытпайбы. Андай эмес. Мен билгенден, Баш мыйзамдын 15-20 долбоору бар. Азыркы биз талкуулап жаткан долбоордун кайсы бир элементтери ар кайсы мыйзамдардан алынган экен.”.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгына ылайык бүгүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ушул эле күнү алгачкы жыйыны өттү. Анда айтылганга караганда кеңешме "Конституциялык түзүлүштүн негиздери", "Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо", "Мамлекеттик бийлик органдары" деп аталган үч секцияга бөлүнүп иштейт.
Конституциялык кеңешменин курамына коомдук-саясий, илимий чөйрөнүн сексенден ашык өкүлү кирди. Анын төрагалыгына Кыргыз-Орус (славян) университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору, "Эл бийлиги" саясий партиясынын негиздөөчүсү Бекбосун Бөрүбашев бекитилди.
Кеңешме негиз катары талкуулай турган баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланган. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.
Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.(RK)