21-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
![21-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/313D6CCC-0088-445D-A1FD-45588F7E1D47_w800_h450.jpg)
21-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Талас жергесинде түнкүсүн -16...-21, күндүз -1…-6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -4…-6 градус болот.