Чүйдө аял күйөөсүнүн өлүмү үчүн шектүү катары кармалды
Жайыл районунда күйөөсүнө бычак сайды деген шек менен аялы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 17-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30 чамасында райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылынын 32 жаштагы тургуну бычак жеп аймактык ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгондугу тууралуу кабар түшкөн. Окуя боюнча жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттеринин натыйжасында каза болгон тургундун 29 жаштагы аялы кылмыш үчүн шектүү катары кармалды.
Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, спирт ичимдигин ичип отурган жубайлар уруша кетишип, аялы күйөөсүн бычак менен моюн тушка сайып салган. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (TSh)