Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2020

Сот Текебаевди мандаттан ажыратты

0
Сот Текебаевди мандаттан  ажыратты

Бишкектин административдик соту 23-ноябрда Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 15-октябрындагы токтомун мыйзамсыз деп тапты.

Сот буга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам бузулган деген негиз келтирген.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева соттун чечими тууралуу мындай маалымат берди:

«Шайлоо мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүндө депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты БШКнын чечими менен ошол эле тизмеден кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет деп жазылган. Бирок Текебаевге өз ыктыяры менен мандаттан баш тарткан депутаттын орду берилген. Өмүрбек Текебаев партиянын талапкерлеринин тизмесинде кезек боюнча мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттан кийинки талапкер болбогонуна карабай, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын тартиби БШК тарабынан бузулганына байланыштуу, соттун чечими менен токтом жараксыз деп табылган. Андыктан сот чечими конституциялык мыйзамдын ченемдеринин негизинде чыгарылды».

Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча арыз менен сотко активист Темирлан Ормуков кайрылган. Ал өз кадамын минтип түшүндүрдү:

«15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты берген эле. Мен 16-октябрда «Текебаевге мандат туура эмес берилди» деп сотко арыз бердим. Себеби, 8-октябрда Текебаев БШКга «мандатымды кайтарып бергиле» деп кайрылган. 12-октябрда «Жалбырак» телеканалы БШКнын отурумун түз эфирде көрсөттү. Анда БШКнын мүчөлөрү «мандатты кайтарып берүү мыйзамда каралган эмес» деп айтып жатышты. Мен ошону көрүп, юристтер менен кеңештим. Эртеси эле Садык Шер-Нияз «мен мандатымды Текебаевге берем» деп жарыялады. Бул туура эмес. Садык Шер-Ниязга мандат мураска калган эмес. Ал президент болуп шайланып калса деле кызматын башкага тапшырып койсо болмок беле?».

Ормуков Текебаевдин Искендер Гаипкуловго ыйгарылган мандатынын ордуна Садык Шер-Нияздын мандатын алышы мыйзамга каршы келет деп эсептей турганын кошумчалады:

«Анын мандатын Гаипкулов кайтарып бериши керек эле. Муну кандай түшүнсө болот? Текебаев муну «саясий иш» деп жатат. Андай болсо сотко келип өзүнүн укугун коргобойт беле. Эки жолу сот болду. Бирине да келген жок. Азыр менин бул кадамымды сындагандар болуп жатат. Сөздүн ачыгын айтсам, ооба, Садыр Жапаровго мурда ыр жазып колдоп жүрчүмүн. Бирок анын «Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкарууга өтөбүз» дегени жакпай турат. Мен президенттик башкарууну колдобойм. Бизге парламенттик башкаруу керек. Анда биз революцияны эмнеге кылдык? Мен эч кимдин буйругун аткарган жокмун. Бирок муну далилдей албайм жана далилдегим да келбейт».

БШК 15-октябрда Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын карап, аны көпчүлүк добуш менен канааттандырган. Буга «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияздын Текебаевдин кызыкчылыгы үчүн мандаттан баш тартуу тууралуу арызы негиз болгон.

Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов соттун чечими БШКга келе элек экенин маалымдады:

«Бишкектин административдик сотунун чечими колубузга тийе элек. Мыйзам боюнча беш күндүн ичинде келиши керек. Чечимди колго алгандан кийин ошого жараша биздин кадамыбыз белгилүү болот. Учурда биздин токтом эмненин негизинде жокко чыкканын билбейбиз. Бул жарандык процедура менен каралып жатат. Ошондуктан соттун чечими бир айдын ичинде күчүнө кирет».

Депутаттын макамы жөнүндө мыйзамга ылайык, соттун айыптоочу өкүмү жок болсо мандат берилиши керек. Текебаев сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында мандатынан ажыраган. 5-6-октябрдагы окуяларды улай бийлик алмашуудан кийин Өмүрбек Текебаев БШКга депутаттык мандатын кайтарып берүүнү сурап, 10-октябрда кайрылган.

Ал мандатынын ажыратуу боюнча соттун 23-ноябрда кабыл алган чечимин саясат менен байланыштырып жатат:

«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат».

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалашкан.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду тилкат менен түрмөдөн бошоткон.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралып жатат.





Губернаторы России
Москва

Мэр Москвы расширил финансовую поддержку бизнес-ангелов





Москва

Спешите дарить добро»: инклюзивный творческий фестиваль «Родом из детства» пройдет в Москве в Парке «Сокольники» на Фестивальной площади.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Виктор Тепляков

Депутат ЗСК Виктор Тепляков провёл комиссионный осмотр школы №20 имени Гапанца Ивана Владимировича




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым


ATP

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Расписание поездов на Курском и Рижском направлениях МЦД-2 изменится 28 мая



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России