УКМК Түркиянын жаранын уурдоого катышкандардын бири кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1998-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Шектүү милиция менен биргеликте колго түшкөн. Ал түрк жаранын уурдоону уюштургандардын бири экени УКМК тараткан маалыматка белгиленген.
"Учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган Кыргызстандын жараны изделип жатат. Ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ишкерди уурдоого 1976-жылы туулган түрк тектүү кыргызстандыктын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Атайын кызмат бул иш боюнча мурда кармалган адам 2022-жылдын 25-январында сот органдары тарабынан үй камагына чыгарылганын кабарлады.
2021-жылдын декабрь айында Түркиянын жаранын уурдап, 3 миллион АКШ доллар талап кылгандар “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Алардын бири Чүй милициясынын "Манас" аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары экени кабарланган.