Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Түркия: кыргыз келинге кол салууга шектүү кармалды

0
Түркия: кыргыз келинге кол салууга шектүү кармалды

Жекшембиде Стамбулда кыргызстандык аялга кол салып, "моюнун тилип салган" деген шек менен түрк жараны кармалганы кабарланды. Түркиялык маалымат каражаттары үрөй учурган окуяга айыпталып жаткан киши соттук териштирүү бүткөнгө чейин бошотулганын жазып чыгышты. Шектүү коюлган айыптарды четке каккан. 

Окуя 17-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде болгон. Чыр-чатакты уккан мейманкананын кызматкерлери бөлмөгө барганда аялдын моюну жана бети тилинип жерде жатканын көрүшкөн. Полиция дароо окуяга шектүү катары Түркиянын жаранын кармап, жараат алган келин ооруканага жеткирилген. 

30-январда сотто "жабырлануучу" катары көрсөтмө берген кыргызстандык Перизат аттуу келин шектүү Кадир Т. менен үч айдан бери тааныш экенин, кыз-жигит болуп жүргөн айткан. Моюну тилингендиктен сүйлөй албай калганын билдирген Перизат шектүү киши анын паспортун алып, бербей жатканын кошумчалаган. Окуя болгон күнү алардын ортосунда чыр чыгып, Кадир Т. бөтөлкөнүн сыныгы менен чаап, зомбулук көрсөткөнүн айткан.

Ал эми шектүү сотто ага коюлган айыптарды толугу менен четке кагып, кыргызстандык аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганын айткан.

"Мен аны тынчтандырууга аракет кылдым. Аны душтан чыгарып жатканда башы дубалга катуу тийди. Менин колум тилинди. Ал бөлмөдөгү бөтөлкөнү сындырып, өзүн кескилеп баштады. Жардам берейин десем, мага атырылды", - деген көрсөтмө бергенин DHA маалымат агенттиги кабарлады.

Стамбул прокуратурасы "Атайылап киши өлтүрүү аракети" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ишембиде сот отуруму өткөн. Анда тараптар бири-бирин айыптап, жыйынтыгында сот шектүүнү тергөө бүткөнгө чейин бошоткону маалым болду. Шектүү жабырлануучу ага жалаа жаап жатканын жүйө кылып, анын үстүнөн арыз жазганы да айтылууда.

"Азаттык" Перизат менен байланышууга аракет кылганы менен майнап чыккан жок.

Учурда анын абалы оор, бир нече операция жасалган. Саламаттыгы толугу менен калыбына келгенден кийин гана полицияга кайрадан көрсөтмө берери кабарланды.

Түркиядагы окуялар

Түркияга барган кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон, сабалган учурлар буга чейин да катталган. Былтыр 12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргыз келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөнү тууралуу суук кабар элдин үрөйүн учурган. Бул окуя Түркияда чоң резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишин өз көзөмөлүнө алган.

2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.

2016-жылы дагы бир кыргызстандык келин бычак жеп, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары аны менен чогуу жашаган киши кармалган.

Ушул эле жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келген Малика эс-учун жоготкон абалда жол жээгинен табылган.

Тергөө анда Анталиянын Коркутели аймагында түрк жараны Маликага зомбулук көрсөтүп, бир нече жолу темир менен башка чаап, жолдун жээгине таштап кеткенин кабарлаган. Айыпталуучу сотто күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Маликанын соту беш жылдан бери бүтө элек. Анын укугун түркиялык төрт адвокат коргоп жатат. Алардын бири Энис Зияли былтыр декабрда кылмыш иши боюнча отурум болгонун, анда жараян Маликанын Кыргызстандан берген жаңы көрсөтмөлөрү менен толукталганын "Азаттыкка" билдирди.

"Маликанын окуя болгондон кийин тергөөдө берген көрсөтмөлөрү менен азыр айтып бергендери бири-бирине төп келет. Эки өлкө ортосунда расмий кат алышуудан улам бул жараян бир аз кечигип калды. Малика учурда Кыргызстанда. Ал жактан тергөөчүгө "менин башыма катуу нерсе менен урду, телефонумду, акчамды алып мени көчөгө таштап койду" деп айтып берген. Эми кийинки отурум 1-мартта болот", - деди адвокат.

Маликаны сабады деп айыпталган адам 2018-жылы абактан бошотулган. Ал кыргызстандык кызга колдоо көрсөткөн жарандык активисттердин үстүнөн арыз жазып, аларды жалаа жабууга айыптаган.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда былтыр 280 кыз-келин киши колдуу болуп, 217 аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын канчоосу чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылбайт.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла





Москва

Правительство РФ сообщило о перевыполнении планов по достижению цифровой зрелости национальной экономики


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Игорь Бутман заявил, что Пугачева ему безразлична, и назвал ее ЖКП




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Независимый фантастический триллер из девяностых


ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Gee that Lord of the Rings: Gollum game sucked didn't it, so how about a Gollum movie?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России