Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кызыл-Шарк айылында төрт киши көмүрдүн исине ууланып каза болду. Алардын үчөө - наристе. Орусияда мигрант болуп жүргөн үй-бүлөнүн башчысы жакындарын акыркы сапарга узатууга үлгүрбөй калды.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарым жылдан бери тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров суралып бүттү. Оппозициячыл саясатчыга “мамлекеттик чыккынчылык” жана “алдамчылык” боюнча айып тагылган.
Кыргызстанда Пакистандан иштөө үчүн келгендердин саны көбөйүп жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча соңку жылдары төрт миңге жакын пакистандык Кыргызстанда иштөөгө уруксат алган. Мындан сырткары өлкөгө окууга келип, эмгектенип жүргөндөр да бар. Алар тейлөө, курулуш, тигүү тармагында иштешет. Бирок соңку учурда Кыргызстанга иш издеп келип, алданып калган чет өлкөлүктөр да бар. "Азаттык" ушул окуяны териштирди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости