Мурдагы күйөөсүнүн зомбулугунан жабыркаган Асел Ногойбаева 8-мартта Бишкекте аялдарды коргоо маршында кыздарга, милицияга жана сот органдарына кайрылды. БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева "Талибан" өкмөтүн аялдардын укугун чектеген эрежелерин токтотууга чакырды. АКШнын президенти Жо Байден деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди.
АКШнын президенти Жо Байден деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди. Аталган порттон тилкеге күн сайын тамак-аш, таза суу жана дары-дармек ташыган жүздөгөн чоң кемелер кирери айтылууда. Бирок анын курулушу жана гумжардам ташыган кемелердин негизги багыты тактала элек.
Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынан беш реаниматолог-анестезиолог бир учурда жумуштан кетти. Алардын төртөө 30 жашка чейинки жаш адистер. Дарыгерлер айлык акынын аздыгынан жана жумуштун көптүгүнөн ушул жолго барган. Бул кырдаал саламаттык сактоо тармагындагы чечилбей келген көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” деген ураан астында тилектештик жөө жүрүшү өттү. Анда ондогон активист Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп, Горький атындагы гүл бакка жөө басып барышты.
АКШда президент Байден менен экс-президент Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди. 15 штатта өткөн праймеризде Республикалык жана Демократиялык партиялардан президенттикке ким талапкер болуп көрсөтүлөрү аныкталат. Алдын ала санакка таянсак, республикачылардан Трамп чоң айырма менен атаандашы Хейлини жеңди. Демократтардан Байден бардык штаттарда ишенимдүү жеңишке жетти.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости