Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москвадагы “Крокус сити” борборуна кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын камактагы лидери Адахан Мадумаровго чечим чыгарды. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген жок. Адвокаттын билдирүүсүндө, ал чечим күчүнө киргиче абакта болот. Депутат сот чечимин "жапайычылык" деп баалады.
Сот Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жаза чегерген жок. Ал өкүм күчүнө киргиче абакта калды. "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга шектүүлөргө байланышы бар деген негизде теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов эки айга камалды. Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча комиссиянын тыянагы чыкты.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарынан кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгенин “Азаттыктын” ишенимдүү булактары маалымдады.
Москвадагы кандуу окуядан кийин жоголгон кыргызстандык эки кызга генетикалык экспертиза (ДНК) дайындалганын туугандары билдиришти. Алар кыргыз бийлигинен жардам күтүп жатышат. Ал тапта каргашага байланыштуу теги кыргызстандык жаран да шектүүлөргө байланышы бар деп камалды.
Бүгүн, 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын калемине таандык, өткөн кылымдын 50-жылдардын аягында жарык көргөн "Жамийла" повести боюнча талаш-тартыш ушу кезге чейин уланып келет.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости